Орусиянын Мамдумасы үчүнчү окууда "адам жынысын алмаштырууга" багытталган хирургиялык операцияларга тыюу салган мыйзамды кабыл алды.
Бул тууралуу маалымат 13-июлда парламенттин төмөнкү палатасынын сайтына жарыяланды.
Мыйзам күчүнө киргенден баштап трансгендерлерге бала асырап алууга тыюу салынат. Түгөйлөрдүн бири жынысын алмаштырса никелери жокко чыгат.
Мыйзам кабыл алынганга чейин жынысын алмаштыргандарга бул эрежелердин тиешеси жок.
Эми бул мыйзам долбоорун Федерация Кеңеши бекитип, президент кол коюшу керек.
Адам укугун коргоочу уюмдар бул мыйзамга каршы чыгып келет. Эксперттердин эсебинде, мындай кадам өлкөдө өз жанына кол салгандардын санын көбөйтүшү мүмкүн.
Орусияда былтыр жыл соңунан бери гомосексуалдуулук, бисексуалдуулук жана трансгендерлик тууралуу позитивдүү маалыматтарды бөлүшүүгө тыюу салынат. Бул үчүн 400 миң рубль көлөмүндөгү айып пул каралган.
Дагы караңыз
“Азаттык” радиосунун YouTube каналы хакердик чабуулга кабылдыӨкмөт “чет элдик өкүл” долбоорун кайра иштеп чыгууну сунуштадыПутин "Вагнер" менчик компаниясы жок экенин билдирдиТоолуу Карабакта миңдеген киши нааразылык акциясына чыкты