ТИМ: Астанада мушкер сабаган кыргызстандыктын иши көзөмөлдө

Казакстандык мушкер Бейбит Шуменов. Видеодон алынган кадр.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын борбору Астана шаарындагы соода борборлордун биринде сабалган кыргызстандык жаран тууралуу билдирүү таратты.

Анда окуя MEGA Silk Way соода борборунда болгону, жабырлануучу 13-июлда Астанадагы кыргыз элчилигине чакырылып, керектүү укуктук кеңеш берилгени айтылат.

"Бүгүнкү күндө бул окуяга байланыштуу Казакстандын укук коргоо органдары керектүү иш-аракеттерди көрүп жатат. Бул маселе ТИМдин көзөмөлүндө турат", -деп жазылган маалыматта.

Бул окуя 18-июнда болгон. Казакстандын ички иштер министринин орун басары Кайрат Сунтаев кыргызстандык жаранга кол көтөргөн адам казакстандык белгилүү мушкер Бейбит Шуменов экенин ырастаган. Анда спортчуга "бейбаштык" беренеси менен иш козголгонун, катуу жазаланарын билдирген.

Социалдык тармактарда тараган видеодо мушкер колуна бала кармап турган адамды уруп жатканын көрүүгө болот.

Шуменов Tengrinews басылмасына берген комментарийинде "бала кармап турган адамга кол салбай эле, тескерисинче коргонгонун" айткан.

Дагы караңыз

Пентагон Украинага кассеталык ок-дарылар жеткирилгенин ырастады Баткен: Өзбекстандан мыйзамсыз кирген жети тонна насвай кармалдыЖер басып алгандарга жаза катаалдады Мирзиёев иштен алынган акимдерди "чыккынчылыкка" айыптады