Жакупова Европарламенттин резолюциясын "акыркы эскертүү" деп баалады

Чолпон Жакупова.

“Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси, юрист Чолпон Жакупова Европарламенттин Кыргызстан боюнча карап жаткан резолюциясын “Евробиримдиктин кыргыз бийлигине акыркы эскертүүсү” деп баалады.

Ал буга чейин бир катар эл аралык институттар өлкөдөгү демократияга, адам укугуна, сөз эркиндигине жана бейөкмөт уюмдардын ишмердигине коркунуч туудурган мыйзам долбоорлору боюнча бир канча жолу эскертүү бергенин белгиледи.

“Ага карабай мыйзам долбоорлору күн тартибинен алынган жок. Болгону убактысы жылдырылды. Азырынча парламент күзүндө муну карабайт дегенге кепилдик жок. Европарламенттин бул резолюциясы катаал мүнөздө. Алар адамдардын өз оюн эркин билдирүү, эркин уюшуу укугуна, бейөкмөт уюмдардын ишмердигине жана тынч митингдерди өткөрүү укугуна тынчсыздануусун билдиришти. Ал жерде европалык институттар керектүү бүтүм чыгарып, Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан программаларын кайра карап чыга турганы да айтылган. Мунун арты менен экономикалык чаралар көрүлүп, ошол жактан каржыланган программалар токтошу мүмкүн экени эскертилген”, - деди Жакупова.

Ал ошондой эле Орусияга салынган санкиялардын аткарылышы боюнча Кыргызстанга терс баа берилгенин да кошумчалап, "бийлик буга көз жуумп койсо, олуттуу экономикалык чаралар көрүлүшү мүмкүн" экенин белгиледи.

12-июлда Европарламенттин пленардык жыйынында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына басым тууралуу резолюция талкууланды. Документте “2022-жылдын январынан тарта Кыргызстанда адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени” белгиленген.

Европарламент резолюцияда кыргыз бийлигин учурда талкууланып жаткан төрт мыйзам долбоорун: “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө, “Бейөкмөт уюмдар” тууралуу мыйзамдын долбоору, “Чет өлкөлүк өкүл” жана “Балдарды зыяндуу маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамды артка кайтарууга үндөп, эгер алар кабыл алынса, өлкөдөгү адам укуктарынын абалына олуттуу кесепетин тийгизерин эскертти.

“Азаттык” радиосунун ишмердигин токтотуу аракетин эркин маалымат каражаттарына болгон цензура жана ой-пикир билдирүү эркиндигинин кооптуу бузулушу катары айыптады.

Андан тышкары Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматованын мөөнөтүнөн мурда кызматтан алынышына өкүнүчүн, иликтөөчү журналист Болот Темировдун кесиптик ишмердигин аркалаганы үчүн кыргыз паспортунан ажыратылып, Орусияга депортация болгонуна тынчсыздануусун билдирген. Темировго коюлган айыптарды алып салып, анын кыргыз жарандыгын калыбана келтирүүгө үндөгөн.

Кемпир-Абад ишинин алкагында айыпталган укук коргоочу аялдар Гүлнара Журабаевага, Клара Сооронкуловага, Рита Карасартовага жана Асия Сасыкбаеваге коюлган айыптарды тезинен алып салууга чакырды.

Бул документ жана андагы бир катар эскертүүлөр боюнча кыргыз бийлиги үн ката элек.

13-июлда бул революция Европарламентте добушка коюлат.

Дагы караңыз

CPJ: Кыргыз бийлиги "Азаттыктын" эркин иштөөсүнө шарт түзүшү керекТажикстанда камактагы адвокат Ёровго дагы он жылдык жаза берилди Кличко Киевге жасалган чабуулда бир адам мерт болгонун билдирди Мирзиёев иштен алынган акимдерди "чыккынчылыкка" айыптады