Кличко Киевге жасалган чабуулда бир адам мерт болгонун билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын армиясы Киевди үчүнчү түнү дагы дрондор менен аткылады. Шаар мэри Виталий Кличко анда бир адам набыт болгонун кабарлады.

Ал Телеграм-каналына "Подольск районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде тутанган отту өчүрүү маалында бир адамдын сөөгү табылды", - деп жазды.

Киев шардык аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко дрондун сыныктары жалпысынан төрт районго кулаганын, айрым жерлерде өрт тутанып, дагы эки адам жараат алганын билдирди.

Киев баштаган Украинанын бир катар аймактарында 12-июлдан 13нө караган түнү дагы абадан эскертүү берилди.

Орусиянын армиясы Киевге 11-12-июль күндөрү дагы түнкүсүн дрон менен чабуул жасаган. Анда Украина абадан коргонуу системасы аркылуу ондогон дрондор атып түшүрүлгөнүн билдирген.

Согуш маалында бул маалыматтарды бейтарап булактардан ырастоо мүмкүн эмес. Москва чабуулдар тууралуу комментарий бербей келет.

Дагы караңыз

Поляк дарыгерлери Саакашвилинин саламаттыгын текшере баштады Орунбеков Бишкекте орган алмаштыруу операциялары жасаларын айтты "Сандалаш" коругу: 20 миңдей гектар жер өзгөчө корголуучу аймактардан чыгарылды