Зеленский "Чоң жетинин" Украинанын коопсуздугу боюнча келишимин колдоду

Украинанын президенти Владимир Зеленский жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Вильнюстагы НАТОнун саммитинде. Литва. 12-июль, 2023-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Украинага узак мөөнөттүк коопсуздук кепилдиктерин бере турган "Чоң жетиге" мүчө кубаттуу мамлекеттердин макулдашуусун кубаттады, бирок ал НАТОго мүчөлүктүн ордун толтура албастыгын билдирди.

"Чоң жетиге" кирген мамлекеттер мындай макулдашуу тууралуу НАТОнун Украина боюнча билдирүүсүнөн кийин жарыялашты. 11-июлда Түндүк Атлантика аскердик альянсы "бардык мүчө мамлекеттер макул болгондо жана баардык шарттар аткарылганда гана Украинага чакыруу жиберерин" билдирип, кандай шарттар экенин чечмелеген эмес.

12-июлда Зеленский менен жолугушуудан кийинки маалымат жыйында НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергге чакыруу боло электигине карабастан, Украина НАТОго аябай эле жакындаганын билдирди.

"Биз өнөктөш катары жолугаар күндү чыдамсыздык менен күтүп жатам", - деп кошумчалады.

Британиянын өкмөт башчысы Риши Сунак жарыялаган "Чоң жетинин" Украина боюнча макулдашуусуна ылайык, Киевге көбүрөөк коргонуу техникасы берилет, чалгын маалыматтарын алмашуу тездетилет жана кеңейтилет, кибер жана гибрид коркунучтарынан коргоо жаатындагы колдоо күчөтүлөт, Украинанын өндүрүштүк базалары өнүктүрүлөт.

Андан тышкары Киев менен "Чоң жетиге" кирген мамлекеттердин ортосунда эки тараптуу узак мөөнөттүү келишимдерди түзүүгө жол ачат.

Макулдашуу тууралуу расмий билдирүү Зеленский АКШ президенти Жо Байден менен жолуккандан кийин расмий жарыяланары күтүлүүдө.

Кремль дароо бул макулдашууну "мүчүлүштүк" деп сынга алды.

"Биз муну ойлонулбаган жана келечекте коркунуч туудуруучу кадам деп эсептейбиз",- деди маалымат катчы Дмитрий Песков.

Ал ошондой эле журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, батыш мамлекеттери Украинага коопсуздук кепилдиктерин сунуштоо менен Орусиянын коопсуздугуна коркунуч туудуруп жатканын билдирди.

Дагы караңыз

Киров суу сактагычындагы Бала-Саруу ГЭСине Австриядан жабдуу алынат Ошто Южный каналына чөгүп кеткен эки баланын сөөгү табылдыШавкат Мирзиёев он райондун, эки шаардын акимин иштен алды