Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:44

Шавкат Мирзиёев он райондун, эки шаардын акимин иштен алды


Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстанда кайра шайланган президент Шавкат Мирзиёев он райондун, эки шаардын акимдерин, беш мамлекеттик кызматкерди иштен алды. Бул тууралуу ал 11-июлда видеобайланыш аркылуу өткөргөн жыйында билдирди. Мирзиёев анда иштен алынган акимдер башкарган аймактарда инвестициялык климат начар экенин белгиледи.

Иштен бошогон мамлекеттик кызматкерлердин арасында Жолдор боюнча комитеттин төрагасы Абдурахман Абдувалиев, "Өзбекстан темир жолдору" ишканасынын жетекчиси Хуснитдин Хосилов жана транспорт жана суу чарба министринин орун басарлары Бахтиёр Камалов менен Абдусамат Муминов бар.

Өзбекстанда 9-июлда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы 10-июлда добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгын жарыялап, Мирзиёевди шайлоочулардын 87,1% колдоп, утканын жарыялаган.

Быйыл 30-апрелде өткөн референдумда Өзбекстандын Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Ага ылайык, президенттик мөөнөт эми беш эмес, жети жыл болот. Мындан улам 2016-жылдан бери бийликте турган азыркы президент Мирзиёевдин буга чейинки мөөнөтү нөлгө теңелип, 2037-жылга чейин эки жолу мамлекет башчы болуп шайлануу мүмкүнчүлүгү берилди.

65 жаштагы Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын башына мурдагы авторитардык лидер Ислам Каримов көз жумгандан кийин келген. Ага чейин Мирзиёев 13 жыл өкмөт башчынын кызматын аркалаган.

Андан башка бул жолу президенттикке үч киши расмий ат салышкан. Алар шайлоо өнөктүгүн дээрлик өткөргөн эмес.

XS
SM
MD
LG