"Азаттыктын" ишмердигин токтотуу боюнча Ленин райондук сотунун чечими жокко чыгарылды

Бишкек шаардык соту 12-июлдагы отурумунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен "Азаттык Медиа" мекемесинин ортосундагы тынчтык келишимин бекитип, Ленин райондук сотунун 27-апрелдеги "Азаттыктын" ишмердигин токтотуу боюнча чечимин жокко чыгарып, соттук териштирүүнү токтотту.

"Эркин Европа/Азаттык" медиакорпорациясынын веб-сайттарында контентти сактоо боюнча жалпы эрежелер өзгөргөнүнө байланыштуу, контент узак мөөнөткө сакталбайт. Буга ылайык, доо арызга байланыштуу сөз болгон видео "Эркин Европа/Азаттык" веб-сайттарында жеткиликтүү эмес.

Тынчтык келишимин бекиткен соттун чечимине ылайык, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Санарип өнүктүрүү министрлигине "Азаттыктын" сайтынын ишин жандандыруу боюнча кат жиберет.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги да бүгүн, 12-июлда билдирүү таратып, "Азаттык Медиа" мекемеси менен соттошуулар токтогонун кабарлады.

Маданият министрлиги былтыр 26-октябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө тууралуу чечим чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материал негиз болгону маалымдалган.

Мындан кийин "Азаттыктын" банктагы эсеби бөгөттөлсө, кийин Маданият министрлиги маалымат каражатынын ишмердигин токтотуу боюнча сотко арыз жазган. Бул арызды быйыл 27-апрелде Ленин райондук соту канааттандырган. "Азаттыктын" адвокаттары бул иш боюнча Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазган.

"Азаттык" радиосу туш болгон соңку басымды АКШ, Британия, Евробиримдиктин элчиликтери жана бир катар эл аралык, жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, бийликтин бул аракетине тынчсыздануусун билдирген.

Бүгүн, 12-июлда Европарламенттин пленардык жыйынында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына болгон басым тууралуу резолюция талкууланат. Уюм “Азаттык” радиосунун ишмердигин токтотуу аракетин эркин маалымат каражаттарына болгон цензура жана ой-пикир билдирүү эркиндигинин кооптуу бузулушу катары айыптайт.

Дагы караңыз

Европарламентте Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы, “Азаттыктын” иши талкууланат"Экономика сөз эркиндигине байланган". ЕККУ эркин медиага кысымды сындады "Азаттыктын" сайтын бөгөттөө: Бүгүн ЖМК, эртең блогерлерби?Британиянын парламентинин өкүлдөрү “Азаттыктын” иши боюнча кыргыз бийлигине кайрылды"Өлкөдөгү сөз эркиндигине олуттуу сокку". “Азаттык” боюнча билдирүүлөрКулов: Соттун "Азаттыкты" жабуу тууралуу чечими мыйзамсыз болду Дастан Бекешев "Азаттыктын" иши тууралуу: Чечим мен үчүн жаңылык болгон жок Жанарбек Акаев "Азаттык" дайыма акыйкаттык тарапта болгонун айтты