Бишкекте Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) борборазиялык конференциясы өтүп жатат. Анда Борбор Азиядагы сөз эркиндигинин абалы, журналисттердин коопсуздугу жана фейк маалыматтар менен күрөшүү талкууланууда.
Жыйын Кыргызстанда соңку жылдары сөз эркиндиги, тынч чогулуштарга, ой-пикирин ачык билдирүүгө окшогон фундаменталдуу адам укуктарынын абалы солгундап баратканы айтылып жаткан учурда өтүүдө.
"Эркин журналисттер жок, демократия мүмкүн эмес"
ЕККУнун өкүлү Тереза Рибейро “эркин маалымат каражаты жок демократия мүмкүн эмес” деди. Ал Борбор Азиядагы сөз эркиндигинин абалы тууралуу сүйлөп жатып, аймакта көз карандысыз медиаларга кысым күчөгөнүнө токтолду.
“Тилекке каршы ЕККУнун көпчүлүк өлкөлөрүндө, анын ичинде Борбор Азияда сөз эркиндиги төмөндөгөнү уланууда. Интернетти жайлатуу же бөгөттөө, ЖМК багытындагы карама-каршы мыйзамдар сыяктуу тоскоолдуктарга туш болууда. ЖМК жана сөз эркиндигине каршы ар кандай формадагы басымдарды көрүп жатабыз. Ошондой эле журналисттерге кол салуу, онлайн каралоону көрүүдөбүз. Айрыкча аял журналисттерге жана коомчулуктун кызыкчылыгы болгон коррупция сыяктуу темаларды иликтегендерге каршы басым болууда”, - деген Рибейро журналисттер басымга кабылган жерде акыры демократияга терс таасирин тийгизерин белгиледи.
Тереза Рибейро фейк маалыматтардын чын-төгүнүн аныктоо бир гана мамлекеттик органдардын колунда болбошу керек деген ою менен бөлүштү.
Freedom House эл аралык уюмунун иликтөөлөрүнүн жыйынтыктары боюнча акыркы үч жылда Кыргызстан “эркин эмес” мамлекеттердин катарына кошула баштады, ал көп жылдар бою “жарым- жартылай эркин” делген мамлекеттердин катарынан калчу эмес.
Жыйында медиа-эксперт Эрика Марат "Азаттык" жана башка жалпыга маалымдоо каражаттары, активисттердин абалы Кыргызстанда сөз эркиндигин бууп салуу мүмкүн эмес экенин көргөзгөнүн белгиледи.
"Көпчүлүк өлкөлөрдөгүдөй эле Борбор Азияда дагы бир жагынан маалыматтар социалдык тармактар, эркин медиалар жана активисттер аркылуу тез тарап жатат. Бир жагынан Борбор Азия өлкөлөрүнүн бийлиги эркин маалымат алууну чектөөгө аракет кылып жатат. Мисалы, Кыргызстандагы "чет өлкөлүк агент" сыяктуу мыйзамдардын жардамы же "Азаттык" платформасын жабуу сыяктуу ыкмаларды колдонууда", - деди Эрика Марат.
Эркин пикир жана бизнес
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве өз сөзүндө сөз эркиндиги демократияны гана чыңдап турбастан, бардык чөйрөдө, анын ичинде бизнестин өнүгүшүндө да маанилүү экенин айтты.
Антье аймактарды кыдырганда ишкерлер сөз эркиндиги чектелип жатканына тынчсыздануу билдирип, "жагдай өзгөрбөсө алар улуттук талкуу, баарлашуудан четте каларын айтышты" деди.
“Эркин маалымат каражаттары жана ачык жарандык коом демократия үчүн гана эмес, өнүгүүгө, экономиканын өсүшүнө, туруктуу өнүгүү үчүн зарыл”, - деди Антье.
БУУнун өкүлү коомчулук канчалык ачык, эркин болсо, бизнесте дагы креативдүү демилгелер, өнүгүүнүн жаңы багыттары ачыларын кошумчалады.
Ал жалган маалыматтар менен күрөшүүдө жазалоо чаралары эмес, агартуу зарыл экенине токтолду.
Кыргыз бийлигинин позициясы
Бишкекте өтүп жаткан ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча 24-борборазиялык конференциясынын ачылышына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов катышты. Министр Кыргызстан сөз эркиндигин бекемдөөгө жана коргоого багытталган иш-чараларды колдой турганын айтты.
Жыйындан бир күн мурун Рибейро президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков менен жолуккан. Анда Кыргызстандын медиа тармагындагы соңку кырдаал, мыйзам долбоору тууралуу пикир алмашкан.
Жолугушууда Дайырбек Орунбеков ЖМК мыйзамында медиа коомчулуктун пикири эске алынганын белгилеген.
“Мыйзам долбоору беш жолу толукталды, жумушчу топ түзүлүп, анын басымдуу бөлүгүн медиа өкүлдөрү түздү. Алардын сунуштары дагы эске алынды. Бул Кыргызстанда сөз эркиндиги, медиа өкүлдөрүнүн орду жогору экенинен кабар берет”, - деген Орунбеков.
Эске сала кетсек, президенттик аппарат “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгуу боюнча мамлекет башчысынын жарлыгы менен жумушчу топ түзгөн. Бирок президенттик аппараттын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн берген сунуштары акыркы 5-вариантка кирбей калганда алар президент Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылышып, мыйзамды мындай абалда кабыл албоого чакырышкан.
Эгер мыйзам бул бойдон ишке кирип кетсе, сөз эркиндигин чектеген, журналисттердин ишин оорлоткон бир катар нормалар пайда болот. “Медиа полиси” уюмунун юристи Нурбек Сыдыковдун анализинин жыйынтыгында бардык сайттар маалымат каражаттарынын катарына кошулат, ал эми чет өлкөлүктөр телерадиоканал, гезит жана журнал ача албайт. Муну менен катар иликтөөчү журналисттердин ишине да бир катар тоскоолдуктар жаралат.
“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдан тышкары "Чет өлкөлүк өкүл" тууралуу мыйзам долбоору да өзүнүн терс салымын кошууда. Депутат Надира Нарматова демилгечи болгон бул мыйзамга ылайык чет өлкөлөр менен кыйыр да болсо байланышы барлардын бардыгы атайын тизмеге алынып, аларга мамлекет тарабынан тейлөөдө, банктардан кызмат көрсөтүүдө, кыскасы, социалдык, саясий, экономикалык бир катар укуктары чектелип калмакчы. Мындай “өкүлдөрдүн” катарына эркин журналисттер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, жарандык активисттер, маалымат каражаттары, атургай депутаттар да илиниши ыктымал.
Алгач бул мыйзамга отуз тогуз депутат авторлош болушкан, кийин Эмил Токтошев, Шайлообек Атазов баштаган бир катар депутаттар колун чакыртып алган, соңку маалыматтар боюнча дагы төрт депутат – Шаирбек Ташиев, Айгүл Айдарова, Нурбек Алимбеков жана Максатбек Сарбагышев демилгечилер тизмесинен чыкты, ошентип азыр 20 депутат калды.
Юрист Таттуубүбү Эргешбаева Юстиция министрлиги менен Жогорку Сот “чет өлкөлүк өкүл” мыйзам долбооруна терс корутунду бергенин билдирди. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” берген интервьюсунда айтты.
“Бул мыйзам долбоору былтыр ноябрь айында коомдук талкууга коюлган. Документ быйыл июндун башында Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш боюнча эки комитетке киргизилген. Эки комитет мыйзам долбоорун тиешелүү мекемелерге экспертизага жөнөткөн. Ошонун жыйынтыктарын күтүп жатышат. Менин билишимче Юстиция министрлиги менен Жогорку Сот бул долбоорго терс корутунду беришиптир”, - деди Эргешбаева.
Буга чейин “Адилет” укуктук клиникасы мыйзамды талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндө” мыйзамынан көчүрүлгөнүн аныктаган. Быйыл апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Москвага барганда Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин ага "чет элдик агенттер" жөнүндө мыйзамды тездетип кабыл алуу керектигин, бул жаатта Думанын тажрыйбасы молдугун айткан эле.
Борбор Азиядагы жана Кыргызстандагы сөз эркиндигин абалы
Казакстандан келген медиа серепчилердин бири Руслан Дайырбековдун айтымында, маалымат таратуудагы жаңы технологияны бийлик жана жарандык коом бирдей пайдаланууга аракет кылат.
"Албетте технологиялар жарандык коом, журналисттер үчүн жакшы курал болушу мүмкүн. Бирок, ошол технологиялар цензура үчүн пайдаланышы мүмкүн. Ошондуктан кайсы тарап ал технологияны колдонбосун, баары ачык жана эреже менен болушу керек".
Кыргызстанда акыркы убакта коомдо өз атын жашырып, социалдык тармактар аркылуу бирөөлөрдү, анын ичинде оппозиция өкүлдөрүн, жарандык активисттерди, эркин журналисттерди жамандап пикир жазып, каралагандардын катмары пайда болгону белгилүү.
"Чекит медиа" платформасы "Президент фейктердин колдоосуна муктажбы?" деген аталыштагы иликтөөсүн 20-июнда Ютубдагы каналына жарыялаган. Анда журналист Асел Сооронбаева Улуттук телерадио корпорациянын социалдык медиа бөлүмү менен оппозицияны, бейөкмөт уюмдарды, көз карандысыз маалымат каражаттарын каралаган фейктердин байланышын иликтеп чыккан.
"Фейк фабриканы президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков жетектейби?" деген суроо да көтөрүлгөн.
Дайырбек Орунбеков "Чекит медиа" платформасынын иликтөөсү тууралуу "Азаттыкка" 21-июндагы комментарий берип, аны каралоо деп сыпаттаган.
“Көрүп чыктым. Биринчи мен макул болбогон, ынанбаган жагдай, анонимдүү булак деп жалаа жапкан үндү көрсөтүшкөн. Буга чейин сөз эркиндиги, журналистикадагы этика боюнча үйрөтүп келген журналисттер тобу мындай калпыстыкка жол бергенине өтө төмөн деңгээлде баа бердим. Экинчиден, мамлекеттик телеканалдардын журналисттерин өлкөбүздө болуп жаткан жакшы иштерди, өсүү деңгээлин көрсөткөн материалдарды бөлүшкөнүн булар “троллдор” деп кемсинтүүгө жол беришкен. Сын айтып, негатив издеп, же болбосо мамлекеттин кадыр-баркын төмөндөткөн маалыматтарды чыгаргандарга “сөз эркиндиги”, “иликтөөчү журналист” деп баа берип, мамлекетибизде жасалып жаткан жакшы иштерди айткандарды “троллдор” деп кемсинтүү туура эмес. Бул жолку иликтөөсүн ушактын деңгээлинде, манипуляция жана жалаа катары кабыл алдым”, - деген Дайырбек Орунбеков.
Ал эми жакында жарандык коомдун отуздан ашуун өкүлдөрү Швейцариянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Оливье Бангертерге кайрылып, эл арасында “фейк” жөнүндө мыйзам деп аталган "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамдын авторлору Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмоновага виза бербөө өтүнүчүн келтиришкен.
Белгилей кетсек, мыйзам кабыл алынгандан бери бир дагы фейк расмий түрдө аныктала элек, тескерисинче, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин арызынын негизинде ишин расмий түрдө, каттоодон өткөрүп иштеп келаткан “Азаттыктын” сайты бөгөлүп, анын Бишкек бюросун жабуу боюнча сот иши уланууда.
Журналист Канышай Мамыркулова Кыргызстанда азыркы тапта сөз эркиндиги оор абалда калып баратканына тынчсызданганын жашырбайт:
“Жалпы жонунан алганда бизде сөз эркиндиги бар деп айтып келатабыз. Чын-чынына келгенде ошол эле “Азаттыктын” үстүнөн болгон сот, “ПолитКлиника” менен ЭлТР каналынын соттошуусу, жана башка ушуга окшогон бир катар мисалдар ооз жүзүндө сөз эркиндиги бар, иш жүзүндө жок экендигин далилдеп турат. Менин уялганым – кесиптештер социалдык тармактарда кайсынысы ката, кайсынысы туура экенин көрүп туруп, бири-бири менен акыйнек айтышып жатканы. Эгер ушул жол менен кете берсек, Өмүрбек Текебаев 2020-жылы октябрда айткандай, Түркмөнстан болобуз. Ушул жагдайда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын жаңы долбоорунун ушундай калыпта кабыл алынышы ыктымал болуп турганы да туура эмес”.
Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун бир убакта сөз эркиндиги, күчтүү жарандык коому менен сыймыктанган Кыргызстанда тынчсыздана турган жагдайлар пайда болгонуна камтамачылыгын билдирди.
“Азыркы бийлик тарабынан экономика жагынан, социалдык жагынан жакшы иштер жасалып жатат – жолдор курулуп, жаңы шаар салынганы турат. Бирок, ошол эле маалда адам укуктары, сөз эркиндиги жаатында Freedom House жана Human Rights Wаtch уюмдарынын баасы боюнча бир кыйла артка кеттик. Ага жанагы блогерлерге, иликтөөчү журналисттерге жасалып жаткан мамилелер негиз берет. Биз көп жылдан бери сөз эркидиги үчүн күрөшүп келгенбиз, сөз эркиндиги артка кетпеш керек. Тилекке каршы алар Кыргызстанда басаңдап, муунтулуп, начарлап кеткени өкүндүрөт. Эл аралык уюмдардын берген баасына негизинен кошулам, бирок алар да ашыкча кетпеши керек. Анткени жарандык коом азыр бизде дагы деле күчтүү, алар жанагы "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамдын авторлоруна виза бербөө өтүнүчү менен Швейцариянын, АКШнын элчиликтерине кайрылышты. Мен азыркы бийликти колдоп келем, колдой берем, бийликтин улам эле мыйзамсыз алмаша беришине каршымын. Бирок, бул бийликтин адам укуктарын тебелеп, сөз эркиндигин муунтуп, демократияга кысым көрсөткөнү болбойт“.
Акыркы убакта сөз эркиндигине байланыштуу бир катар окуялар болуп өттү. Жогорку Кеңеш мурдагы төрагасы, оппозциячыл “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди. Мадумаров өзүнүн курч сыны менен таанымал.
Ал эми жарандык активист, бийликке сынчыл көз караштагы Өндүрүш Токтонасыровго Кылмыш кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунун негизинде "расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козуткан” деген негизде быйыл 30-мартта кылмыш иши козголду. Кемпир-Абад маселеси менен камалгандардын көбү дагы бийликке каршы сын айтып жүргөндөр.
Бийлик өкүлдөрү Кыргызстанда сөз эркиндиги бардыгын, ар ким өз оюн эркин жана ачык айта аларын белгилеп келет. Президент Садыр Жапаров буга чейин өлкөдө сөз эркиндиги сактала турганын, демократия сакталарын бир нече ирет белгилеген болчу.
“Бир журналистти аркасынан куугунтуктаган жокпуз, куугунтуктабайбыз дагы. Же араңардан негизсиз куугунтукталып, суракка чакырылгандар барбы? Жокпу бир жылдан бери? Мен УКМКга да, ИИМге дагы, саясатчыларга дагы айтып жатам – “мейли кайсы гана журналист болбосун каралап жазбасын Кудайга койгула, сотко да бербегиле” дедим. Мурдагы бийликтер тушунда сотко беришип, сотто эле болор-болбос сөз үчүн сандалып жүрчү эмес белеңер, “кантип төлөйм эми” деп, чет мамлекетке чыга албай жүрчүсүңөр. Андай болбойт! Мындан ары журналисттерге куугунтукту мындан кийин кылбайбыз. Канчалык кимди эмне деп жазбагыла – Кудайга коёбуз, анан элдин талдоосуна коёбуз. Мына мени деле араңардан канчооңор шыбап, каралап жазып жатасыңар – бир жаман сөз айттымбы? Жок! Эл өзү таразалап, талдап алсын”, - деген эле президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 23-октябрында.
Эл аралык Freedom House (FH) уюму өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары басымга туш болгонун белгилеген болчу.
Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары басымга туш болгонун белгилеген.
Кыргызстандын медиа айдыңында ушул тапта айрым басылмалар соттошуп, "Азаттыктын" сайты бөгөттөлүп, иликтөөчү журналист Болот Темиров сыртка чыгарылган учурду башынан кечирүүдө.
Эл аралык жана жергиликтүү уюмдар мындай көрүнүшкө бир нече жолу тынчсыздануусун билдиришти. Кыргыз бийлиги сөз эркиндиги менен кошо жоопкерчилик болушу керек экенин кайталап келет.