Активист Токтонасыров кылмыш ишинде күбө катары өтүп жатканы айтылды

Өндүрүш Токтонасыров. Архивдик сүрөт.

Активист Өндүрүш Токтонасыров улуттук кастыкты козутуу тууралуу кылмыш ишинде күбө катары өтүп жатканын 11-июлда “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.

“Өндүрүш Токтонасыров адвокаты менен сурактан чыгышты. Азырынча кылмыш иш боюнча күбө катары өтүп жатканын белгилүү болду”, - деп жазды ал Фейсбуктагы баракчасына.

Кыргызстанда сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргоодо өз оюн эркин билдирип, ар кандай акцияларды тынч жол менен өткөрүп жүрүп таанылган 65 жаштагы Өндүрүш Токтонасыровду 30-июндун түнү белгисиз бирөөлөр машинеге күчтөп салып кеткенин жакындары көрүп калып, укук коргоочуларга, милицияга кабар беришкен.

Активисттин дайыны үч сааттан кийин ИИМдин Тергөө кызматынан чыккан, аны түнкү 11ге чейин суракка алышкан. Анын социалдык түйүндөргө жазган билдирүүсү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси боюнча иш козголгону кабарланган.

Дагы караңыз

Ош: Балдар ооруканасы боюнча төрт айда төрт кылмыш иши козголду "Монгол эли кыргыздарга окшош, экөө тең эркиндикти баалайт"Зеленский НАТО өлкөлөрүн чечкинсиз деп сынга алдыБайден менен Зеленский НАТОнун саммитинин алкагында жолугушат