Акылбек Жапаров "Мекен-карт" берүү иштери солгун экенин эскертти

Өткөн айда санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов “Мекен-картты” биринчилерден болуп кыргыз тектүү орус жараны Ж.Исанбек кызына берген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Мекен-карт" программасынын алкагында иштерди күчөтүү керектигин билдирди. Ал 11-июлда Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин коллегиясында бул макамды алууга жалпысынан 34 арыз түшкөнүн, анын 18 гана каралып, канааттандырылганын билдирди.

“Мекен-картка” документ кабыл алуу быйыл мартта башталган. Бул документ мурда Кыргызстандын жараны болгон чет өлкөлүктөргө, алардын балдары жана неберелерине берилет.

Өткөн айда, 12-июнда санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов “Мекен-картты” биринчилерден болуп кыргыз тектүү орус жараны Ж.Исанбек кызына берген.

“Мекен-картты” алуу үчүн калкты тейлөө борборлоруна, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтерине, мекемелерине кайрылыш керек.

“Мекен-карт” алган кыргызстандыктарга “Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш” деген макам берилип, тарыхый мекенине визасыз кирип-чыгууга, уруксат документи жок эле иштөөгө, убактылуу жашоого жана билим алууга, медицина мекемелеринин кызматын колдонууга шарт түзүлөт. “Мекен-карт” 10 жылга чейин жарактуу болот.

Документ Кыргызстан менен чектешкен Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Кытайдын жарандыгын алган кыргызстандыктарга берилбейт.

Кыргызстанда жашап, кийин башка мамлекеттин жарандыгын алган адамдардын укуктарын кеңейтүүчү мыйзамга 2020-жылы кол коюлган.

Дагы караңыз

Өкмөт башчы "Социалдык келишимге" көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырдыЧаткалда адам атууга шек саналган тургун эки айга камалды Краснодарда мобилизациялоо бөлүмүнүн башчысынын орун басарын атып кетиштиМинистрлик аптапта оор жүк ташууга чектөө киргизилгенин эскертти