Өкмөт башчы "Социалдык келишимге" көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды

"Социалдык келишим" долбоорунун алкагындагы сертификат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 11-июлда Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин коллегиясына катышты. Анда аталган мекеменин алты айда жасаган ишинин жыйынтыгы чыгарылды.

Жапаров анда министрликтин бюджети 2020-жылга салыштырмалуу "дээрлик эки эсеге" көбөйгөнүн белгиледи. Соңку эки жылдагы ийгиликтер катары жөлөк пулдун көбөйүшүн, "Социалдык келишим" долбоорун атады.

"2022-жыл жана 2023-жылдын башы министрлик үчүн жемиштүү болду. Социалдык жөлөк пулдардын көлөмү көбөйтүлүп, "Социалдык келишим" долбоору ийгиликтүү ишке ашырылып, “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында иштер жүрүп жатат”, – деди Жапаров.

Өкмөт башчы бул долбоордун алкагында 100 миң сомдон алган ар бир үй-бүлөнүн ишинин натыйжалуулугун аныктаган министрликтин жооптуу кызматкери бекитилишин жана анын ишин тартипке келтирүү зарылдыгын белгиледи жана долбоорду ишке ашырууга көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

Буга чейин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев быйыл "Социалдык келишимдин" негизинде 100 миң сомдон 10 миң адамга берилерин, дээрлик баары алганын билдирген.

Бул долбоор президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен калктын социалдык жактан аялуу катмарына жардам көрсөтүү чараларынын бири катары 2022-жылдан тартып ишке ашырылып жатат. Былтыр 2800 үй-бүлөгө кайтарымсыз 100 миң сомдон акча берилген.

Долбоордун катышуучусу "Үй-бүлөгө көмөк" же балдардын жөлөк пулунан баш тартат. Үч ай аралыкта жөлөк пул берүү токтотулат. Анын ордуна 100 миң сом сертификат берилет. Акчаны алган адам аны тиешелүү максатта иштете албай, жашоосу оңолуп кетпесе, мыйзам чегинде үч жылдан кийин кайрадан жөлөк пул алууга өтүнүч берүүгө укуктуу.

Дагы караңыз

Улан-Батордо Кыргызстандын элчилиги ачылдыЧаткалда адам атууга шек саналган тургун эки айга камалды "Кумтөр": биринчи кварталда 36,9 миллион доллар таза киреше түштүКраснодарда мобилизациялоо бөлүмүнүн башчысынын орун басарын атып кетиштиМинистрлик аптапта оор жүк ташууга чектөө киргизилгенин эскертти