Бишкектеги №17 мектептин хореографы өз жанын кыйганы кабарланды

иллюстрациялык сүрөт

Бишкек шаарындагы Александр Пушкин атындагы №17 мектеп-гимназиясында иштеген хореограф өз жанын кыйганы кабарланды.

Бул тууралуу бир катар маалымат каражаттары 11-июлда милицияга таянып жазды. Октябрь райондук милициясы "Азаттык" радиосуна маалымат такталып жатканын билдирди.

Bulak.kg сайты милицияга таянып жазгандай, окуя боюнча милицияга 5-июлда саат 9:14тө маалымат келип түшкөн.

“Жерине шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу барган. Каза болгон А.Э. 1986-жылы туулган. Анын денесинде кандайдыр бир жараат алганы аныкталган эмес", - деп айтылган маалыматта.

Алдын ала маалыматта ал асынып алганы кабарланды.

Бул окуяны милиция каттоого алып, тергөөгө чейинки териштирүү иштерин жүргүзүп жатканы, анын алкагында соттук-медициналык экспертиза дайындалганы белгилүү болду.

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы жана маркум мугалимдин жакындары бул боюнча үн ката элек.

Дагы караңыз

Краснодарда мобилизациялоо бөлүмүнүн башчысынын орун басарын атып кетиштиОрусия Киев шаарына "Шахед" дрондору менен чабуул жасады Улан-Батордо Кыргызстандын элчилиги ачылдыЭрдоган Швециянын НАТОго кирүү арызын колдоду