Кыргызстанда орус рублинин арзандоосу уланууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда орус рублинин арзандоосу уланууда. Улуттук банктын расмий сайтындагы 10-июлдагы маалыматка караганда, 1 рублдин курсу 0,95 сом болууда, бир ай мурда 1,06 сом болчу.

Акча алмаштыруучу жайларда орус рублин 0,94 сомго сатып алып, 0,98 сомго сатып жатышат, бир ай мурда сатуу жана сатып алуу 1,04-1,09 сомдон болуп жаткан.

1,5 сомдун тегерегинде кармалып келген орус рублинин куну Орусия былтыр февралда Украинага кол салганда 0,76 сомго чейин түшүп кетип, кийин кайра турукташкан. Өткөн айда Орусиядагы "аскердик козголоң" аракети болгондо да кыйла арзандай түшкөн.

Кыргызстандын миллиондогон жараны Орусияда эмгек миграциясында жүрөт. Жыл сайын алардан мекенине 2 миллиард доллардын айланасында акча келип турат. (RK)

Дагы караңыз

“Манас” театрында алты акындын иштен кетиши боюнча жыйын өттүОрус армиясынын Украинанын Орехово шаарына жасаган аба соккусунан төрт киши мерт болдуТИМ Германияда террорчулукка шек саналган кыргызстандык жөнүндө маалымат тараттыВелосипедченди сүзүп кеткен таксист кармалды