Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:01

Орус армиясынын Украинанын Орехово шаарына жасаган аба соккусунан төрт киши мерт болду


Орус армиясынын Украинанын Орехово шаарына жасаган аба соккусунан талкаланган үйлөр. Запорожье облусу. 10-июль, 2023-жыл. Облус башчысы Юрий Малашконун Телеграмга жарыялаган сүрөт Рейтер агенттиги аркылуу алынды.
Орус армиясынын Украинанын Орехово шаарына жасаган аба соккусунан талкаланган үйлөр. Запорожье облусу. 10-июль, 2023-жыл. Облус башчысы Юрий Малашконун Телеграмга жарыялаган сүрөт Рейтер агенттиги аркылуу алынды.

Орусия армиясынын Запорожье облусундагы Орехово шаарына жасаган аба чабуулунан төрт адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу облустун башчысы Юрий Малашко билдирди.

Ал Телеграм аркылуу маалымдагандай, гуманитардык жардам алууга кезекте турган үч аял, бир эркек киши мерт болду. Ондон ашуун киши ар кандай деңгээлдеги жараат алды.

Андан тышкары облустагы ондон ашуун калктуу конушка абадан ракеталык соккулар урулган. Коргоо министринин орун басары Анна Маляр билдиргендей, өлкө чыгышындагы Лиман, Авдеевка, Марьинка шаарларында айыгышкан салгылаш уланууда. Соңку бир суткада отуздан ашуун кагылышуу катталган.

9-июлда Лиман шаарын орус армиясы аткылоодон тогуз жайкын тургун мерт болду, ондон ашууну жараат алды.

11-июлда Вильнюста НАТОнун саммити башталат. Анда Украинанын аскердик альянска кошулуусу тууралуу кеп болот. Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жыйынга катышары же катышпасы азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG