Аба ырайы: күн 41 градуска чейин ысыйт

Сары-Челек.

Кыргызгидромет борбору 12-14-июлда өлкөнүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күндүн табы 36…41 градуска чейин ысырын эскертти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу билдирүү таратып, жарандарды күн ачык жерде жүрбөөнү, айыл чарба өсүмдүктөрүн сугарууну сунуш кылды.

11-июлдагы абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27.

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 32…34 градус болот.

Дагы караңыз

“Манас” театрында алты акындын иштен кетиши боюнча жыйын өттүОрус армиясынын Украинанын Орехово шаарына жасаган аба соккусунан төрт киши мерт болдуТИМ Германияда террорчулукка шек саналган кыргызстандык жөнүндө маалымат таратты