Велосипедченди сүзүп кеткен таксист кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте жолдо бараткан велосипедченди машинасы менен сүзүп кеткен айдоочу кармалганын бүгүн 10-июлда шаардык милициянын Кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, шектүү катары Бишкек шаарынын 44 жаштагы тургуну кармалды, ал айдаган «Daewoo Nexia» машинасы атайын айып короого токтотулду.

Тийиштүү экспертизалар дайындалып, айдоочу милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилгени маалымдалды.

7-майда Чыңгыз Айтматов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөнүн астында болгон окуянын видеосун таксиде кетип бараткан жүргүнчү социалдык түйүндөргө жарыялаган. Андан таксинин айдоочусу алды жакта велосипед айдап бараткан кишини сүзүп кеткенин, ал жыгылып, кайра турганын көрүүгө болот. Жүргүнчү айдоочу аны атайылап сүзгөнүнө күбө болгонун жазган.

Кайгуул кызматы велосипеддин айдоочусу 17 жаштагы бала экенин маалымдады.

Окуянын видеосу социалдык түйүндөргө тарап, кызуу талкууланууда.

Велосипеддин айдоочусунун тааныштары ал бутунан жабыркаганын, таксист "Яндексте" иштеген киши экенин жазып жатышат.

Дагы караңыз

Кыргыз медицинасын сынаган “Кара июлга” үч жылБаткенде Тажикстанга өтүп кеткен мал кайтарылдыРуслан Бекназаровго чыккан өкүм күчүндө калдыЧек ара: кыргыз-тажик жумушчу топторунун жолугушуусу аяктады