Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:56

Руслан Бекназаровго чыккан өкүм күчүндө калды


Руслан Бекназаров.
Руслан Бекназаров.

Бишкек шаардык соту Свердлов районунун акиминин мурдагы биринчи орун басары Руслан Бекназаровго карата Биринчи Май райондук сотунунун өкүмүн күчүндө калтырды.

Бул тууралуу Бекназаров өзү “Азаттыкка” билдирди.

Бекназаров Жогорку сотко апелляциялык арыз менен кайрылбай турганын айтты.

“Адилеттүү, мыйзам чегинде карай турган заман келген учурда кайрылам. Азыркы кайрылуу жөн эле убакытты коротуу”, - деди Бекназаров.

25-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Руслан Бекназаровду Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (“Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу”) менен күнөөлүү деп таап, бир жыл пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жаза өтөөдөн бошоткон. Кылмыш-жаза кодексинин 255-беренеси (“Террордук иштерди жүзөгө ашырууга ачык чакырыктар”) боюнча актаган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2022-жылдын 14-сентябрында Бишкектин Свердлов районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеп жаткан Руслан Бекназаров кармалганы тууралуу маалымат тараткан.

Аны Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу” беренеси менен козголгон кылмыш ишинин негизинде социалдык түйүндөрдө “Хизб ут-Тахрир” уюмунун идеологиясына үгүттөгөн материалдарды жайылтып жүргөн аккаунтка байланыштырган.

Бекназаров дээрлик эки ай тергөө абагында камалып отургандан кийин үй камагына чыккан. Ноябрда акимдин биринчи орун басары кызматынан өз арызы менен кеткенин билдирген.

Руслан Бекназаров саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу.

Азимбек Бекназаров Кемпир-Абад суу сактагычынын жери боюнча маселеге байланыштуу “жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен жарым жылдан бери камакта отурат. (TSh)

XS
SM
MD
LG