Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясындагы бала бакчага жасалган кол салуудан алты киши мерт болуп, бир адам жараат алды.
Бул тууралуу Би-Би-Си дүйнөлүк кызматы полицияга таянып жазды. Набыт болгондор арасында бир тарбиячы, эки ата-эне жана үч бала болгону кабарланды. Бычак менен кол салууга шектүү 25 жаштагы адам камалганы маалым болду.
Полиция "атайылап жасалган кол салуу" деп атаган окуя 10-июлдун таңында Ляньцзян уездинде болду. Кылмышкер эмне себептен буга барганы азырынча белгисиз.
Соңку жылдары Кытайда бычак менен коомдук жайларда, анын ичинде мектептерде кол салган окуялар көп катталууда.
Былтыр августта өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Цзянси провинциясындагы бала бакчага белгисиз адам бычак менен кирип барып үч кишини өлүмүнө себепчи болгон.
2021-жылдын апрелинде Бэйлюй Гуанси-Чжуан автоном районундагы бычак менен жасалган кол салуудан эки бала каза таап, 16сы жараат алган.
Дагы караңыз
Руслан Бекназаровго чыккан өкүм күчүндө калдыНаркология борборунда 7,5 миңден ашуун адам каттоодо туратБлинкен менен Кулеба НАТО саммитин, Киевдин контрчабуулун талкуулады