Наркология борборунда 7,5 миңден ашуун адам каттоодо турат

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Республикалык наркология борборунда расмий каттоодо тургандар бүгүнкү күндө 7,5 миңден ашуун адам. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган мекемеден кабарлашты.

Каттоодо турган 7672 адамдын 7230у эркек, 442си аял. Дарыгерлер белгилегендей, баңгиликке берилгендердин басымдуу бөлүгү 18 жаштан 45 жашка чейинкилер. Алардын социалдык статусу ар түрдүү.

Бейрасмий маалыматтарда өлкөдө маңзаттын тузагына илингендер 25 миңден ашуун экени айтылып жүрөт.

Учурда спайс, соя өңдүү синтетикалык маңзат колдонгондор да көбөйүүдө. "Азаттык" буга чейин интернет аркылуу маңзат бизнеси кантип жайылып жатканын иликтеп чыккан. (JEg)

Дагы караңыз

Блинкен менен Кулеба НАТО саммитин, Киевдин контрчабуулун талкууладыЖо Байден Украинаны НАТОго кабыл алууга азыр эрте экенин айтты Баткен: Коргоо министрлиги бир жоокер өзүн атып алганын билдирди "Азовсталдын" коргоочуларынын командирлери кайра согушка катышат