Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:40

Баткен: Коргоо министрлиги бир жоокер өзүн атып алганын билдирди


Кыргыз армиясы, иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз армиясы, иллюстрациялык сүрөт.

Коргоо министрлиги Баткенде 35524-аскер бөлүгүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан бир жоокер куралды этиятсыз колдонгондун айынан өзүн кокусунан атып алып, мерт болгонун билдирди.

"Окуянын себеби такталып жатат, бул фактыга байланыштуу кызматтык иликтөө башталды",-деп жазылган маалыматта.

Башкы прокуратура бул окуяга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Аскердик кызматын өтөп жатып, өзүн кокусунан атып алган, жараат алган, каза болгон жоокерлер боюнча түрдүү окуялар буга чейин да катталып келген.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 2022-жылы Кыргызстандын куралдуу күчтөрүндө каза болгон төрт жоокердин окуясы суицид деп катталганын кабарлаган.

"Кылым шамы" укук коргоо уюмунун эсебинде, 2012-2016-жылдар аралыгында ар кандай жагдайда каза болгон жоокерлердин саны алтымыштан ашкан.

Бул окуялардын дээрлик баарында жоокерлердин жакындары алардын суицидге барганына ишенбей, өз жүйөлөрүн жана далилдерин келтиришкен.

XS
SM
MD
LG