Кошмо Штаттары Украинага берилүүчү баасы 800 миллион долларлык кезектеги жардамдын алкагында кассеталык ок-дары жөнөтөт. Бул тууралуу Коргоо министринин орун басары Колин Каль билдирди.
Ал Киев мындай ок-дарынын колдонулушу тууралуу АКШга такай отчет берип турарын, өз эли үчүн тобоокелчиликти азайтуу максатында өз аймагында гана колдонуу тууралуу милдеттеме алганын белгиледи.
Президент Жо Байдендин кеңешчиси Жейк Салливан “Орусия Украинага каршы согуш ачкандан тартып эле кластердик бомбаларды колдонгонун, Украина өз аймагын коргош үчүн ушундай куралга муктаж экенин” айтты. Киевге кассеталык бомба жөнөтүү чечимин кабыл алуу оңой-олтоң болбогонуна токтолду.
Мунун алдында Германия Украинага кассеталык ок-дары жөнөтүүгө каршы чыгып жатканы белгилүү болгон. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Анналена Бербюк билдирген. Коргоо министри Борис Писториус Берлин кассеталык ок-дары жөнөтпөсүн айткан.
Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму болсо Орусия менен Украинага кайрылып, мындай ок-дарыны колдонбоого, АКШны Киевге кассеталык ок-дары жөнөтпөөгө чакырган.
Кассеталык дүрмөттөр асманда жарылып, майда бөлүкчөлөрдү узакка чачыратат. Андан өтө көп жайкын тургундар кырылып калышы ыктымал деген кооптонуу бар. Бомбанын майда бөлүкчөлөрү аткылоо учурунда жарылбай, кийин жарылышы мүмкүн жана ал жер-суунун баарын мина талаасына айлантууга жөндөмдүү.
Дүйнөдө кассеталык бомбаларды колдонууга тыюу салуу конвенциясы 2010-жылдан бери күчүнө кирген. Ага 100дөн ашык мамлекет кол койгон, бирок Орусия да, Украина да кошулган эмес.
Дагы караңыз
Садыр Жапаров циркти күтүүсүз текшерди Украинанын НАТОго кириши боюнча маселе Вильнюстагы саммитте каралат "Ысык-Көл" аба майданындагы суу каптоо жөнгө салынды