Рибейру: Сөз эркиндиги үчүн өлкөдө шарт түзүлүшү керек

Тереза Рибейру.

Бишкекте Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Монголиянын ЖМК ишин жөнгө салуу үстүндө иштеген органдарынын өкүлдөрү кызматташтык меморандумуна кол коюшту. Бул документ эмне үчүн зарыл?

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкекте өткөн ЖМКлар боюнча борборазиялык 24-конференциясында бул уюмдун медиалардын эркиндиги боюнча өкүлү Тереза Рибейру менен маектештик.

Ал "Азаттыкка" меморандум, чөлкөмдөгү сөз эркиндигинин абалы жана Кыргыз Республикасынын расмий өкүлдөрү менен жолугушуулары тууралуу айтып берди.

- Бүгүн кол коюлган документ тууралуу айып бериңизчи, ал эмне үчүн маанилүү?

- Бул чөлкөмдүн өлкөлөрү, медиа коомчулугу өзүн өзү жөнгө салуу стандарттарын чындап жакшыртуу үчүн кол койгон механизм. Менимче бул жыйындын эң маанилүү жетишкендиги. Мен бул жыйында ушундай демилге көтөрүлгөнүнө чындап кубандым. Бизге өзүн өзү жөнгө салуу Борбор Азиядан башка жакта да болгону маанилүү. Биз журналисттер өз милдетин бийликтин кийлигишүүсүз, ишенимдүү ошол эле маалда кесибинин бийик стандарттарын сыйлоо менен аткарышы үчүн өзүн өзү жөнгө салуу механизмдерин чыңдашыбыз керек. Бул абдан маанилүү. Бул мамлекеттик чиновниктердин кийлигишүүсүн алдын алуу үчүн жакшы ыкма.

Дагы караңыз "Экономика сөз эркиндигине байланган". ЕККУ эркин медиага кысымды сындады 

- Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы сөз эркиндигине байланыштуу кырдаалга комментарий бере аласызбы? Акыркы жылдары ал өзгөрдүбү?

- Борбор Азияда башка жактардагыдай эле, мен ЕККУнун бардык аймактарындай эле деп айткым келет, сөз эркиндиги жаатында кемчиликтер бар. Ошон үчүн чөлкөмдө медианын эркиндиги боюнча ЕККУнун өкүлү болгону маанилүү. Биз бул жерге бийлик менен иштешүү үчүн келдик. Менин милдетим - кетирилген кемчиликтерди аныктап, ошол эле маалда катышуучу мамлекеттердин башында тургандарга жеткирүү. Муну менен алардын медиа чөйрөсүндө өз эрки менен карманууга макул болгон милдеттерине ылайык процесстерди макулдашуусуна мүмкүнчүлүк берүү.

- Кыргызстандагы кандай орчундуу көйгөйлөрдү байкадыңыздар?

- Силер ал тууралуу билесиңер. Кыргызстанда биз көргөн көйгөйлөр, ЕККУнун бардык аймактарында аныктаган көйгөйлөргө абдан окшош. Журналисттер үчүн мейкиндик көбүрөөк чектелген. Бул албетте, жакшы кабар эмес. Биз мындан тышкары журналисттердин оозун жабуу үчүн аларды каралаган, дискредитация кылууга басым жасаган кампанияларга күбө болуп жатабыз. Бирок журналисттер бул чакырыктарга туруштук берип, бири-бири менен, эл аралык уюмдар жана бийликтегилер менен да тил табышат деп ойлойм. Келгиле, бийликке конструктивдүү карайлы. Мен мындан жыйынтык чыгат деп ойлойм. Бул абдан маанилүү.

Дагы караңыз "Ооз ачкандар эле камалат". Кол толгогон кооптуу берене

- Сиз Кыргызстандын бийлигинин өлкөдө сөз эркиндиги бар деген сөзүнө ишенесизби?

-Кеп сөз эркиндиги бар же жокто эмес. Кеп аны колдонуу үчүн өлкөдө шарт барбы деген суроодо. Мен өлкөнүн өтө маанилүү документтеринде сөз эркиндигинин принциптери сөзсүз камтылганын билем. Бирок биз сөз эркиндигин жүзөгө ашыруу Кыргызстандагы жана ЕККУнун бардык аймактарындагы учурдагы реалдуулук экенине ишенишибиз керек.

- Андай реалдуулук азыр барбы?

- Аны сиз айтыңыз.

- Кыргызстандын расмий өкүлдөрү менен жолугушуулар кандай өттү жана кандай жыйынтыктар болду?

- Мен кырдаалды ушул жерде, Кыргызстанда мыйзамдарды кайра иштеп чыгуу маалында талкууладым. Жакшы жаңылык, биз милдеттерди аныктап, бирдиктүү иштөөнү, келечекте мыкты чечимди табууну макулдаштык.