Германия менен Нидерландда теракт уюштурууну көздөгөн деген шек менен кыргызстандык, тажикстандык, түркмөнстандык жарандар кармалды.
Германия полициясы 6-июлда ири терактарды уюштуруу максатында «Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна окшош уюм түзүүгө шектелген жети кишини кармаганын прокуратурага таянып Рейтерс агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, Түндүк Рейн-Вестфалия аймагында кармалгандар бири-бирин көптөн бери билишкен жана баары Германияга Украинадан, ал жакта согуш башталгандан көп өтпөй барышкан.
Алар ошол эле 2022-жылы террордук уюм түзүп, Германияда бутага алчу жерлерди караштырып, курал-жабдык табуу аракетин көрүп жүрүшкөн. Прокуратура билдиргендей, алардын кармалган маалда кайсы бир жерге кол салуу боюнча так пландары болгон эмес.
Ошондой эле Аброржон К. деген кыргызстандыктан башкасынын баары 2022-жылдын апрелинен тарта «Ислам мамлекети» террордук уюму үчүн да акча чогултуп, бир нече ирет чет өлкөдөгү эсептерге каражат которууга да жетишкен.
Шектелгендердин соту 6-7 июль күндөрү өтүп, алардын бөгөт чарасы каралат.
Ушул эле күнү Нидерланддын прокуратурасы билдиргендей, "29 жаштагы тажик жана анын 31 жаштагы кыргыз аялы теракт даярдоого шектелип кармалган".
Билдирүүдө Нидерлерандда былтыртан бери жашап келаткан тажикстандык жаран «Ислам мамлекети» террордук уюмуна да мүчө болгон деп шектелүүдө.
Полициянын маалыматына караганда, ал "теракт уюштууруга буюрутма алган жана пландары кыйла олуттуу болгон".
Аларды кармоонун алдында жүргүзүлгөн иликтөө ишине немис полициясы да аралашкан. Анткени түгөйлөр Германиядагы террорчулукка шектелгендердин тобу менен байланышта болгон.
Нидерландда кармалгандардын соту Роттердамда 7-июлда өтөт. Аларга азыр адвокаттары менен гана байланышууга уруксат бар.
Кыргызстандын Германиядагы элчилиги кармалган кыргызстандыктар тууралуу азырынча маалымат бере элек.
Дагы караңыз
Султанбаев президент тууганына чара көрүүнү өзү тапшырганын айтты Алимжанов аны мандаттан ажыраткан БШКнын чечими боюнча комментарий бердиДиплом чыры: БШК парламенттин эки депутатын мандатынан ажыратты