Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт

6-июлга караган түнү Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 26…31;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 28…33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20°, күндүз 28…30° жылуу болот.

Дагы караңыз

Украина оккупацияланган Макеевкада кампага сокку урганын билдирди ИИМ: соңку алты айда 60тан ашык бала сууга чөгүп каза таптыНазарбаев камкордук кеңештеринин төрагасы макамынан ажырады Кытай Жозеп Боррелдин келерки аптадагы Бээжин сапарын токтотту