Харьков: Орусиянын чабуулунан бери дегенде 43 адам жараат алды

Сокку тогуз кабаттуу көп батирлүү үйдүн машина токтотуучу жайына урулган.

Украинанын Харьков облусундагы Первомайский шаарында орус армиясынын 4-июлдагы чабуулунан жабыркагандардын саны бери дегенде 43 адамга жетти. Алардын 12си жаш балдар жана арасында үч жана тогуз айлык эки наристе бар. Бул тууралуу облустун башчысы Олег Синегубов билдирди. Анын айтымында, сокку тогуз кабаттуу көп батирлүү үйдүн машина токтотуучу жайына урулган.

Синегубов кийинчерээк "Искандер" ракетасы менен чабуул жасалганын айтты. Анда үйлөрдүн терезелери сынып, төрт машина толугу менен өрттөндү, дагы бири жабыркады.

Синегубовдун ырасташынча, 4-июлда орус армиясы Харьковдогу дагы башка бир катар аймактарды аткылады. Изюмда 32 жаштагы бир тургун жарылуучу затка кабылып, оор абалда ооруканага түштү.

Орусия бул чабуулга байланыштуу комментарий берген жок. Москва Украинанын жарандык инфраструктурасына сокку урулганы тууралуу дооматтарды четке кагып келет.

Дагы караңыз

Израилдеги кол салууда сегиз киши жараат алды Ош: май куйган жайдагы өрттө жабыркаган кишинин абалы оор "Анык эмес маалыматтан коргоо" мыйзамынын авторлоруна виза бербөө сунушу көтөрүлдүЧек ара: Баткенде кыргыз-тажик жумушчу топторунун жолугушуусу башталды