Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:27

"Анык эмес маалыматтан коргоо" мыйзамынын авторлоруна виза бербөө сунушу көтөрүлдү


Айнура Осмонова жана Гүлшат Асылбаева. Архивдик сүрөт.
Айнура Осмонова жана Гүлшат Асылбаева. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандык 30дай активист жана журналисттер Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында кабыл алынган "фейк" мыйзамынын ("Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө") авторлоруна виза бербөө өтүнүчү менен Швейцариянын элчилигине кайрылышты.

Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертердин наамына жазылган кайрылууда аталган мыйзамдын авторлору Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонованын ысымы аталган.

Кайрылгандар сөз эркиндигин жана адам укуктарын чектеген долбоордун демилгечилерине жана алардын жакындарына Батыш өлкөлөрүнө барууга, окууга, мүлк сатып алууга, ишкерлик кылууга тыюу салынышы керек деп эсептешет. Мыйзам “Азаттык”, Respublica сыяктуу эркин басылмалардын сайтын бөгөттөө үчүн гана колдонулуп, өлкөдө сөз эркиндигинин абалы начарлаганын белгилешкен.

Сөз болуп жаткан мыйзамды Гүлшат Асылбаева парламентте депутат болуп турганда жазып, бир топ талаш-тартыштардан кийин 2021-жылы кабыл алынган.

Швейцариянын элчилиги кайрылууга жооп бере элек. Асылбаева визага тапшырып-тапшырбаганы белгисиз. Аны менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Демилгечилердин бири, мурдагы депутат Айнура Осмонова "Азаттыкка" визага тапшырбаганын, мыйзам фейк маалыматтардан коргоо үчүн жазылганын айтты.

"Учурда бийлик аны кандай колдонуп жатканы жөнүндө кабарым жок" деген таризде жооп берди.

Мыйзам Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жалган маалымат таратты деп табылган сайтты соттун чечими жок жаап салууга укук берет. Ал кабыл алынгандан бери бир дагы фейк аккаунт же баракча аныкталып, бөгөттөлгөн жок.

Анын негизинде “Азаттыктын” сайты былтыркы жылдын октябрдан бери бөгөттөлүп турат. Клооп, 24.kg, “Политклиника” басылмаларына чыккан материалдарга каршы арыз түшкөн учурлар да болду.

Буга чейин бейөкмөт уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын коалициясы чет өлкөлөрдүн элчиликтерине адам укугу менен сөз эркиндигин чектеген чуулгандуу мыйзам долбоорлордун авторлоруна жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө виза бербөөгө чакырышкан.

XS
SM
MD
LG