Президент Жапаров Бишкекке ШКУнун коопсуздук борборун курууну сунуштады

Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү маселесин көтөрдү.

Ал уюмдун 4-июлда онлайн форматта өткөн саммитинде борбор аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, террорчулукка, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, транс чек аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө маанилүү экенин айтты.

“Быйыл 14-июнда Чолпон-Ата шаарында бул маселе боюнча ШКУга мүчө мамлекеттердин кеңешмеси болуп өттү, анда кыргыз тарап сунушталган борбордун жобосунун долбоорун жана түзүмүн көрсөтүп, тааныштырган”, - деди ал.

Уюмдун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, президент Жапаров айткан кеңешмеде кыргыз тарап борбордун укуктук макамы, негизги тапшырмасы, ишмердүүлүгү жана штаттык курамы тууралуу баяндама жасаган. Мындан башка маалыматтар жарыяланган эмес.

Индиянын төрагалыгы алдында өткөн онлайн саммитке Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Иран, Беларус, Монголиянын лидерлери, Бириккен Улуттар Уюму, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы (АСЕАН), КМШ, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ), Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) жана Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмелердин жетекчилери катышты.

Саммитте Иранга ШКУга толук кандуу мүчө деген макам расмий берилди. Уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары Нью-Дели декларациясына жана коопсуздук, экономикалык өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жана бир катар тармактар боюнча документтерге кол коюшту.

ШКУнун 22-саммити былтыр сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн.

Дагы караңыз

Киши өлүмүнө айыпталган мурдагы милиционердин жаза мөөнөтү кыскардыСтолтенберг НАТОнун баш катчысы кызматын дагы бир жыл аркалайтӨзбекстан Казакстан менен чек ара боюнча келишимди ратификацияладыКазакстанда журналист Амангелди Батырбеков 20 суткага камалды