Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:48

Киши өлүмүнө айыпталган мурдагы милиционердин жаза мөөнөтү кыскарды


Иллюстрация
Иллюстрация

Киши өлүмүнө айыпталып, 16 жылга кесилген мурдагы милиционердин иши Бишкек шаардык сотунда каралып бүттү.

4-июлдагы акыркы отурумда шаардык сот анын жаза мөөнөтүн кыскартканы белгилүү болду.

Шаардык соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Свердлов райондук сотунун өкүмү өзгөртүлдү.

“Конституциялык соттун 2023-жылдын 29-мартындагы чечимине ылайык, айыпталуучу Жакупбек Дулатбек уулунун 2021-жылдын 27-августунан тартып өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейинки камак мөөнөтүнүн ар бир күнү эркинен ажыратылган эки күн катары эсептелди”, - деп билдирди мекеме.

Конституциялык соттун жогоруда айтылган чечими бир топ жарандын кайрылуусунан кийин чыккан. Алар аталган сот органын кылмыш жоопкерчилигин аныктаган кодекстердеги айрым нормалар Баш мыйзамга канчалык туура келерин аныктап берүүнү өтүнүшкөн. Натыйжада Конституциялык сот Кылмыш-жаза кодексинин 80-беренеси бул чечимине ылайык келтирилгенче адамды камакта кармоонун өкүм күчүнө киргенге чейинки бир күнүн түрмөдөгү эки күн катары эсептөө керектиги жазылган.

Шаардык сот ушул талапка таянып, Жакупбек Дулатбек уулунун жаза мөөнөтүн кыскартты.

Ал эми калган айыпталуучулардын өкүмү ошо бойдон калды.

Патрулдук милициянын кызматкери болуп иштеген Жакупбек Дулатбек уулу адам өлүмүнө айыпталып, Бишкектин Свердлов райондук сотунун былтыр 22-ноябрдагы өкүмү менен 16 жылга кесилген.

Ал Чыңгыз Абдыраев аттуу адамдын өлүмүнө айыптуу деп табылып, жаза мөөнөтүн жалпы тартиптеги колонияда өтөмөй болгон жана андан кийин үч жыл бою укук коргоо органдарында иштөө укугунан да ажыратылган.

Дулатбек уулу менен кошо милициянын патрулдук кызматынын мурдагы үч инспекторуна кызматынан кыянат пайдаланган деген айып тагылып, ар бирине 7,6 жылдык жаза чегерилген, бирок соттун чечими менен алар үч жылга пробациялык көзөмөлгө алынмай болушкан.

2021-жылдын 27-августунда Бишкектин Жибек Жолу жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде болгон окуя коомчулукта чоң резонанс жараткан. Алгач милиция патрулдук кызматкери менен уруша кеткен Чыңгыз Абдыраев анын тапанчасын тартып алууга аракет кылган деп маалымдаган, бирок кийин интернетте тараган видеодо Абдыраев четте турган кезде ага тапанчадан ок атылганы көрүнүп турганын адистер айтып чыгышкан.

Шектүү катары Жакупбек Дулатбек уулу кармалып, дагы 22 милиционер жазага тартылган.

XS
SM
MD
LG