Арча-Бешик: транспорт министринин орун басарынын короосу буздурулду

Видеодон алынган скриншот.

Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунда тротуар салууга жолтоо болгон транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Акуналы Досалиевдин короосу буздурулду. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына мыйзам баарына бирдей экенин жазды.

"Орун басарымдын үйүнүн короосу өз каалоосу менен бузулду. Ал көчөдө 40тан ашык үйдүн короосу бузулуптур. Мыйзам баарына бирдей. Биз үчүн ар бир кызматкердин жоопкерчилиги маанилүү",-деп билдирди Текебаев.

Министр жарыялаган видеодо анын орун басары мэриянын кызматкерлерине баш ийбей келгени тууралуу сөздөрдү төгүндөдү. Анын алдында социалдык тармактарга Досалиев короосун буздурбай жатканы тууралуу маалыматтар чыккан.

Дагы караңыз

Султанбаев "Мегаком" сатылса деле мамлекет карамагында каларын айтты Ошто "Россия нефть" бекетинде чыккан өрттө эки адам жабыркады Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлүнө сөгүш берди Молдова: аба майданда ок чыгарган тажик жараны алган жараатынан мерт болдуСалык кызматы лотерея жеңүүчүлөрүн алдаган шылуундар жөнүндө эскертти