Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:23

Салык кызматы лотерея жеңүүчүлөрүн алдаган шылуундар жөнүндө эскертти


Сатуучуларды көзөмөл-кассалык машина (ККМ) колдонууга үндөгөн лотерея алгачкы жолу былтыр уюштурулган.
Сатуучуларды көзөмөл-кассалык машина (ККМ) колдонууга үндөгөн лотерея алгачкы жолу былтыр уюштурулган.

Салык кызматы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын жеңүүчүлөрүн алдаган шылуундар пайда болгонун эскертти. Мекеме оюндун биринчи этабында уткандарга телефон чалып, акча алдап алууга аракет кылгандар бар экенин билдирди.

"Лотерея жеңүүчүлөрүнө чалып, өздөрүн Салык кызматынын кызматкери же лотереянын оператору деп тааныштырып, куттуктап, утуп алган байгени алуу үчүн акча которууну суранган шылуундар пайда болду. Салык кызматы байгелер акысыз берилерин, мамлекеттик лотерея болгондуктан, салык салынбай турганын билдирет. Ушуга байланыштуу сак болууга жана алдамчыларга ишенбөөгө чакырабыз. Эгер ушундай чалуу болсо, укук коргоо органына кайрылууңузду суранабыз. Учурда мекемелер аралык комиссия жеңүүчүлөрдүн лотереянын шарттарына жана талаптарына жооп беришин текшерип жатат. Текшерүү аяктагандан кийин жеңүүчүлөргө сертификаттар тапшырылат",- деп жазылган маалыматта.

"Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын биринчи этабы 26-июндан 1-июлга чейин өткөн. Анда 1200гө чукул байге ойнотулган жана анын ичинде 10 электромобиль, Дубайга эки кишилик үч жолдомо болгон.

Сатуучуларды көзөмөл-кассалык машина (ККМ) колдонууга үндөгөн лотерея алгачкы жолу былтыр уюштурулган. 1-апрелден тартып 31-декабрга чейин үч жолу ойнотулуп, ага 19 миллионго жакын билет катышкан. Байге фонду 65 миллион сомдук лотереянын жеңүүчүлөрүнө машина, тиричилик техникасы өңдүү баалуу белектер тапшырылган.

Быйылкы жылы республикалык бюджеттен 438 миллион сом бөлүнөрү айтылган. Жеңүүчүлөргө өкмөт 10 батир, 20 автомашина, Дубайга эки кишиге алты жолдомо, 1000 iPhone 14 жана ошондой эле 40 Dyson стайлерин, 300 ноутбук жана 1000 Xiaomi 11T смартфонун убада кылган.

XS
SM
MD
LG