Орус күчтөрүнүн аткылоосунан Херсондо эки, Донецкиде бир киши каза тапты

Чабуул коюлган жерлердеги тазалоо иштери. Иллюстрация.

Орус аскерлери 4-июль күнү эртең менен Херсонду кайрадан аткылаганын Украинанын Башкы прокуратурасы билдирди.

Расмий маалыматтарга караганда, таңкы саат алтыларда артиллериялык аткылоодон эки тургун каза тапты. Укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоп, иликтөө баштады.

Донецк облустук аскердик админстрациясы да шейшемби күнкү чабуулда Предтечине кыштагынын бир тургуну кайтыш болгонун маалымдады.

Харьков облусунун аскердик админстрациясынын башчысы Олег Синегубов да аймактагы бир нече район аткыланганын билдирди.

Ал эми Сумы калаасына 3-июлда жасалган дрон чабуулунда курман болгондордун саны үч кишиге жетти. Жараат алган 21 кишинин төртөө ооруканада жатат. Сумыда 4-июль - Аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Москва далилдерге карабай, Украинанын карапайым калкына жасалган чабуулдарын четке кагып келет.

Дагы караңыз

Эки айдан бери суусу жок отургандар өкмөткө нааразылыгын айтыштыМолдова: аба майданда ок чыгарган тажик жараны алган жараатынан мерт болдуСадыр Жапаров Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлүнө сөгүш берди