Сумыда дрон чабуулунан киши өмүрү кыйылды

Украинанын Сумы шаарында учкучсуз учак беш кабаттуу турак жайга чабуул коюп, бир адам каза болгонун президенттик аппараттын жетекчиси Андрей Ермак билдирди.

3-июлда калаада бир катар жардыруулардын үнү угулуп, абадан коргонуу системасы иштеди.

Калаа бийлиги элден дүрбөлөңгө түшпөй, баш калкалоочу жайларда болууну суранды. Баштапкы маалыматтарга караганда, 16 киши жараат алды.

Орусия Украинага бастырып киргенден бери Сумы облусу такай орус аскерлеринин аткылоосуна кабылууда. Акыркы чабуулдардын биринде беш жашар бала жараат алган.

Дагы караңыз

Эсеп-кысапты сом менен гана жүргүзүүнү сунуштаган мыйзам долбоору талкууга чыктыАкылбек Жапаров таза сууга эсептегичтерди коюуну тапшырды Конституциялык сот: прокурордун кылмыш ишин токтотуу токтому Баш мыйзамга каршыЖогорку окуу жайларга абитуриент кабыл алуу 17-июлда башталат