Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:06

Жогорку окуу жайларга абитуриент кабыл алуу 17-июлда башталат


Бишкектеги университеттердин бири. Абитуриенттерди кабыл алуу. 2019-жыл, 9-июль
Бишкектеги университеттердин бири. Абитуриенттерди кабыл алуу. 2019-жыл, 9-июль

Билим берүү жана илим министрлиги абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу 17-июлда баштала турганын билдирди. Кабыл алуу төрт тур менен өтөт.

  • 1-тур – 17-июль саат 8:00дөн 19-июль саат 14:00гө чейин;
  • 2-тур – 24-июль саат 8:00дөн 26-июль саат 14:00гө чейин;
  • 3-тур – 31-июль саат 8:00дөн 2-август саат 14:00гө чейин;
  • 4-тур – 7-август саат 8:00дөн 9-август саат 14:00гө чейин.

Абитуриенттер сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү жана документтерди “Абитуриент онлайн” маалыматтык системасынын https://2020.edu.gov.kg/vuz сайты аркылуу тапшырат.

Быйыл Кыргызстанда 70 миңге чукул окуучу мектепти аяктады. Алардын үчтөн бир бөлүгү жалпы республикалык тестирлөөгө катышуудан баш тарткан.

ЖРТга катышкандардын ичинен 54 окуучу “Алтын сертификат” алуу укугуна ээ болду.

Эң көп - 236 упайды Ош шаарындагы Киров орто мектебинин бүтүрүүчүсү Кызжибек Жээнбекова менен Бишкектеги №61 физика-математикалык лицейдин окуучусу Нурсейит Төрөбаев алышты.

XS
SM
MD
LG