Коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматовдун блогу.
- Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.
Табышмактуу тутанып, сырдуу "өчкөн" козголоң
“Вагнер” менчик аскер компаниясы аталган жалданма жоокерлердин уюшмасынын кожоюну Евгений Пригожиндин козголоңу тез башталып, тез “аяктады”, табышмактуу тутанып, андан бетер сырдуу “өчтү ”.
Формалдуу түрдө басылганы менен көп маселени козгоду. Ойлонто турган нерселерди бизге каңкуулады.
Биринчиден, саясий жогорку бийлик деңгээлинде мыйзамдарды сыйлоо, алардын аткарылышы көйгөй экени байкалды.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров “Вагнер” компаниясы менен Коргоо министрлигинин ортосундагы тирешүү Москва менен Африка өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерге таасирин тийгизбегенин, Пригожиндин структурасы Мали, Борбордук Африка Республикасы сыяктуу өлкөлөрдө ишин улантарын, “Вагнерден” тышкары жүздөгөн аскер кызматчылар БАРда инструктор болуп иштеп жатат деп билдирди.
Орусия эл аралык мыйзамдардын айрымдары тургай, өз мыйзамдарын сыйлабайт окшойт. Маселен, Пригожин аскер козголоңуна айыпталып, "чыккынчы", "саткын, душман" аталып иш козголгон. Кайра эртеси Кремлдин кожоюну Путиндин эзелки өнөктөшү Лукашенко ортого түшүп, "Вагнерге" жана анын ээси Пригожинге башпаанек тургай, шарт түзүп, аманчылыгына кепилдик бергенден кийин орус президенти өз сөзүнөн баш тартып, козголгон кылмыш иш токтотулганын, “вагнерчилер” куугунтукталбай турганын билдирди.
Бир топ убакыттан кийин амнистия жарыялап, жазадан куткарса же жазалап, анан ырайым кылса да түшүнүктүү болмок, бирок бүгүн кылмыш ишин козгоп, айыптап, дүйнөгө жар салып, эртеси оор кылмыш аталган ишти кылмыш эмес дегени – мыйзамдын мыйзам болуудан калганын көрсөттү.
Путин 26-июнда дагы бир ирет элге кайрылуу жасап, “козголоңдун уюштуруучулары Орусияны сатты, жоокерлерди кылмышка аралаштырып, аларды да сатты. Аларды алдап, өлүмгө айдады” деди.
Демек, алар чыккынчылык кылган кылмышкерлер. Бирок оор жазага тартыла турган кылмыш иши бир ооз сөз менен токтоду. Соттук териштирүүдө эмес, саясий чечим менен иш токтотулду. Кылмышкер аталып, оор кылмыш аталган окуяга юридикалык баа берилбей, салаңдап турат.
Дагы караңыз Аман калуу аргасы Африкабы? Пригожиндин Беларуста калышы күмөнЭкинчиден, саясий элитанын адеп-ахлак, ыйман маселеси. Орус бийлиги орус-украин согушуна чейин жеке менчик аскер компаниялары Орусияда жок деп келген. Орус мыйзамдарында жеке менчик аскер компаниясы деген түшүнүк, алардын ишин жөнгө салган укуктук ченемдер жок. Жалданма жоокерчилик кылмыш болуп эсептелет.
Орусиянын тажрыйбасы мол “Редут” (мурда “Бөрү” аталчу), 2005-жылы уюшулган “РСБ Групп” сыяктуу бир нече менчик аскер компаниялары бар. Алар Африкада, Жакынкы Чыгышта, конфликтүү аймактарда аракеттенишет, айрымдары, маселен “Вагнер” менен “Редут” орус-украин жаңжалында орус аримясына жардам берет, айрым өзгөчө операцияларды аткарат.
Мавритания, Мали, Нигер, Чад, Ливия, Судан, Түштүк Судан, Сенегал, Мозамбик, Буркино-Фасо сымал ондогон Африка өлкөлөрүндө орус жалданма аскерлери бар. “Вагнер” Африкада он чакты жылдан бери иштейт. Борбордук Африка Республикасынын президенти Фостен Арканжа Туадердин коопсуздук боюнча кеңешчиси Валерий Захаров “Вагнердин” кызматкери. Борбордук Африкада “Вагнердин” 1,5 миңден ашуун жоокери жайгашкан.
Орус аскер компаниялары алмаз, алтын кендерин иштеткен ишканаларды кайтарат. “Вагнерчилер” Суданда 2017-жылдан бери улам бир режимди алмаштыруу менен алек.
Судандагы кен байлыктарды иштеткен M Invest фирмасына таандык Meroe Gold, ишканасынын кароолчулары да “Вагнердин” аскерлери. Ошентип орус менчик аскер компаниялары көп өлкөдө бар. Алар саясий абал туруктуу эмес мамлекеттердин өкмөттөрүн коргойт, ордуна Орусия кен байлыктарына ээлик кылат. Эгер кокус кайсы бир өкмөт кен байлыктарды иштетүүнүн Орусияга ылайыксыз эрежесин киргизем, пайдасын көрөм десе, ал мамлекеттердин расмий бийликтери кол жоолуктай алмашат. Жөнөкөй, баары билген, кубаттуу мамлекеттер колдонгон ыкма бу. Демек, мыйзамда жок, кылмыш, бирок иш жүзүндө бар. Мыйзамсыз согушкер компанияларды мамлекет колдойт, колдонот.
Адистерге дайын, бирок коомчулукка белгисиз “Вагнердин” аты биринчи жолу 2014-жылы Крым аннексиясында аталган соң Москва “Вагнерди” "жеке менчик компания, мамлекеттик эмес" деп сыпаттап, жоопкерчиликти өзүнөн оолактатуу аракетинде болгон. Маселен, орус башкы дипломаты Сергей Лавров узакка танып жүрүп, 2021-жылы гана Малиде орустардын менчик аскер компаниясы бар экенин мойнуна алды. Бирок орус министри ошондо да жеке менчик компанияга Малинин расмий өкмөтү жардам сурап кайрылган экен, биздин тиешебиз жок деп билдирген.
Дагы караңыз "Вагнердин" козголоңу: Орусиядагы опурталдуу окуянын сабагы эмне?Эми минтип президент Путин козголоңдон соң аскер кызматчылары менен жолугушууда "жакшы эле багып келдик, киши арыгын асырасаң тумшугуңду кандайт болуп, чыккынчылык кылды, амбициясы баштан ашкан эси жок кудай каары өз мекенине кол салды" маанисинде Пригожинди айыптайм деп жатып, орус федералдык бюджетинен жүздөгөн миллиард акча “Вагнерге” берилип турганын ачыктады.
Аналитиктер, саясатчылар, маалымат каражаттары ар кандай баасын берип, түрдүү аныктамаларды ыйгарууда. Биздин оюбузча, Путин “Вагнердин” ишине байланыштуу бири-бирин жокко чыгарган билдирүүлөрү, карама-каршы аракеттери аркылуу орус мыйзамдар системасын дискредитациялады жана өз бийлигинин кадыр-баркына доо кетирди. Экинчиден, “саясат – бул эки жүздүүлүк”, “саясат – ыплас иш” деген кесепеттүү мифологеманы орус бийлигинин саясий философемасына айлантты.
Жалданма аскерлердин тарыхы
Менчик аскер компанияларынын тарыхы узак. Байыркы доордон бери жалданма жоокерлер түрдүү иштерде колдонулуп келген.
Рим императору Mapк Лициний Kpaccтын Спартактын көтөрүлүшүн жалданма легиондун жардамы менен баскан. Андан эки миң жылдан кийин, 1921-жылы Батыш Вирджинияда шахтерлердун көтөрүлүшүн басууда шахталардын кожоюндары “менчик детективдер” деп аталган жалданма баш кесерлерди колдонгон, натыйжада 2 миң шахтер курман болгон. Алгач консул болуп шайланарда, андан кийин да Марк Красс жалданма баш кесерлерин Сенаттын алдына тизип коюп, каалаган чечимин кабыл алдырчу. Орто кылымдарда жалданма аскерлердин арааны жүрүп турган. Европадагы жаңжалдардын көбүндө жалданма аскерлер аралашкан. Ландскнехттер, галлогластар, Гессен солдаттары, страдиоттор, кыскасы жалданма аскерлердин ондогон түрү ар кандай согуштарда, жанжалдарда кеңири колдонулган.
XIV—XVI кылымдарда Италиянын шаар-мамлекеттери кондотьерлердин – жалданма аскерлердин башчыларынын жардамы менен соода жолдорун, финансылык институттарын, казыналарын коргогон, конкуренттерин кыйраткан. Маселен, Жованни Медичинин “Кара жоокерлери” ошол доордогу атактуу жалданмалар экени тарыхта белгилүү. Деңизде да пираттар кородорго, соодаргерлерге жалданып, кемелерин кайтарган же тескерисинче, душмандын соода кемелерине кол салып турган. Ассасин аталган, акыга баш кескен жанкечтилер орденин ким билбейт.
Чиркөөлөрдүн, диниятчылардын аскерий ордендери, согушкер кечилдер бийлик жана байлык талашкан саясатчылар менен соодагерлердин жалданма согушкерлери болгону көпчүлүккө жакшы маалым. Алардын көбү динди жамынып, “пайгамбардын осуятына ылайык" согушка аттанганы да белгилүү. "Армия святой веры в Господа нашего Иисуса Христа" аскер уюму Италиядагы революцияда ким көбүрөөк төлөгөн тарапта согушуп, акыры Наполеондун колунан талкаланган. Атын карабайсызбы, “Иса Пайгамбарга ыйык ишенимдин армиясы”! Жакынкы Чыгышты, Ооганстанды, Африканы аралай чаап, жойлоп жургөн экстремисттик жана террористтик уюмдар да диндин атын жамынат. Африканы, Американы, Азияны ээлеп алган колонизаторлор да жалданма аскерлерди пайдаланган.
Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согушта жалданмалардын ролу төмөндөгөн. Бирок 20-кылымдын экинчи жарымында жалданмаларга муктаждык жана суроо-талап кайра күч алат, менчик кампаниялар кирешелүү бизнеске айлана баштайт. 1965-жылы британиялык Дэвиду Стирлинг биринчи менчик аскер компаниясын (Watchguard International) негиздейт. Эмнеси менен кызык? Менчик аскер компаниялары тигил же бул мамлекетке конфликтке өзү аралашпай туруп катышууга жол берет. Кайсы бир мамлекеттеги кызыкчылыгын күч колдонуп коргоого муктаждыкты дал ушул менчик компаниялар аткара алат. Мамлекет жалданмалардын кылмыштары, эл аралык укукту бузганы үчүн жооп бербейт. Бизнесмендер да көмүскөдо туруп, өз кусаматын же кызыкчылыгын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алат.
Азыр дүйнөдө 3 миңден ашык менчик аскер компаниялары бар. Америка Кошмо Штаттарынын жүздөгөн менчик аскер компаниялары бар. АКШнын атаандашы Кытай да Африкада, Борбордук Азияда ишканаларын коргоо үчүн менчик аскер компанияларын колдонууга өтүүдө. Ал тургай “Вагнер” козголоңунан кийин орус бийлиги Африкада “Вагнердин” ордун кытай компаниялары баспайт, биз стратегиялык созюдашпыз деп билдиргенче шашты. Кытай аскер компанияларынын чет мамлекеттердеги жайгаштырууга укуктук негизи да бекемделүүдө. Мисалы, ушул жылы июндун ортосунда Кытайдын парламенти тышкы саясий байланыштар тууралуу мыйзамды кабыл алды. Мыйзамда Кытайдын мыйзамдары чет мамлекеттерде да иштейт, күчкө ээ деген жобо камтылган. Бээжин чет жерлердеги кытай фирмаларын коргоо үчүн көбүрөөк каражат бөлө баштаганын маалымдайт аналитиктер.
Борбор Азия мамлекеттеринде күзөт ишкааларын эске албаганда, менчик аскер компаниялар жок. Бирок бул өлкөлөрдө чет мамлекеттердин ишканаларын коргойт делген аскерий уюмдар, мыкты куралданган күзөт агенттиктери, олигархтардын бөрк ал десе баш алууга даяр жансакчылары бар.
Мыйзам демекчи, менчик аскер компанияларынын укуктук статусу анык эмес. Борбор Азия өлкөлөрүнөн, анын ичинен Кыргыз Республикасынын жарандары орус-украин согушуна катышып, найза сунуп, кылыч шилтеп жүрүшү учурда реалдуу көйгөйгө айланууда, трагедияга алып келди. Укуктук жана саясий проблемаларды жаратып, келечектеги көйгөйлөргө шарт түзүп жатканы белгилүү.
Дагы караңыз Бөтөн жерде бөөдө согушта жүргөндөр - азыр трагедия, эртең көйгөйТөңкөрүштөрдөгү жалданма жоокерлердин колу
Жалданма жоокерлер, менчик согушкер ишканалардын статусу эл аралык укук системасында талаштуу маселе. 1979-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун башкы Ассамблеясы жалданмаларды жалдоо, каржылоо, пайдалануу боюнча конвенция иштеп чыгуу тууралуу резолюция кабыл алган. Бүгүнкү күнгө чейин андай эл аралык ченемдик-укуктук акт кабыл алына элек. Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө жалданма жоокерчилик кылмыш болуп эсептелет. Демек, менчик аскер компанияларына тыюу салынган. Бирок өжөр бизнес, акча кумары ага карамакпы, саясатчылар менен бизнесмендер, уюмдар жана ишканалар жалданма аскерлердин кызматын жылдан жылга кеңири пайдаланууда. Эл аралык изилдөөгө ылайык, менчик аскер компанияларынын жылдык кирешеси 500 миллиард долларга чукул. Ар кайсы өлкөдө түрдүү иштерди аткарышат. Кай бири саясий режимдерди колдойт, жакпаганын алмаштырат, ички жанжалдарда тиги же бу тарапты колдойт.
Дагы бир аскерий менчик компаниялар бизнесмендердин капиталын, ишкерлердин ишканасын коргойт. Жакшы, туура, коргосун. Бирок коргоо функциясын аткарган согушкерлер эртең ордо калаага ат бастырып кирбейт деп ким кепил боло алат? Эч ким. Болду беле ошондой учурлар? Албетте болгон, болуп жатат жана боло бермеги анык. Африкадагы, Латын Америкасындагы аскерий төңкөрүштөр, козголоңдор дал ушул жеке менчик аскер компаниялары же жалданма жоокерлердин колу менен ишке ашкан. Азыр да ишке ашып жатат. Атактуу авантюрист, британиялык жалданма согушкер Томас Майкл Хоар Конгодо, Сейшел аралдарында ж.б. Африка мамлекеттеринде режимдерди ыргыта чаап, улам бирин алмашырып турган.
“Жалданмалардын падышасы” аталган француз согушкери Робер Денар ондон ашык өлкөдө аскер төңкөрүшүн уюштурган. Денар 1970-жылдардагы “Жолдуу жоокерлер” фирмасы Африкадагы конфликттердин көбүнүн катышуучусу болгон. Жалданмалардын мындай атактуу башчыларынын тизмеги узун - Жан Шрамм, Костас Геогиус ж.б. Булар аты билингендери гана. Жашыруун операцияларды ишке ашыргандары андан да арбын. Африканын, Азиянын көп мамлекеттеринде жаңжал токтой элек. Маселен, Суданда нечен жылдан бери согуш жүрүп жатат. Жарандык согуш деп да аташ кыйын. Бийлик жана байлык талашкан топтордун ортосунда кандуу кармаш жүрүп, элдин каны бөөдө эле суудай агууда. Ирак, Сирия сыяктуу жаңжалдуу аймактардын баарында жеке менчик компаниялардын жоокерлери, жалданма согушкерлер, диндин атын жамынган жанкечтилердин ордендери, уюмдары элди азапка салууда.
Баарынын максаты – саясий режимдерди алмаштырып, жетелеме башчыларды бийликке алып келүү, курмандыгы - эл жана мамлекет, формалдуу иши – чет элдик ишканаларды, стратегиялык объектилерди, кен байлыктарды коргоо, натыйжасы – төгүлгөн кан, эмдигиче тынчыбаган, бейстабилдүү мамлекеттер, таланган байлык, огожо, күн карама бийлик, туйтунган байлар, тушалган эркиндик...