Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:00

Аман калуу аргасы Африкабы? Пригожиндин Беларуста калышы күмөн


“Вагнер” ЖАК негиздөөчүсү Евгений Пригожин Орусиядагы козголоңдон кийин Беларуска келди деп айтылууда. Азыр мурдагы кылмышкер тирүү калуу амалын издеп жатат.
“Вагнер” ЖАК негиздөөчүсү Евгений Пригожин Орусиядагы козголоңдон кийин Беларуска келди деп айтылууда. Азыр мурдагы кылмышкер тирүү калуу амалын издеп жатат.

Кремлге каршы чыккан “Вагнер” ЖАК башчысы Евгений Пригожин оңунан чыкпай калган козголоңдон кийин Беларуска келди деп айтылууда. Миллиардер жана жалданма лидер болуп калган 62 жаштагы мурдагы кылмышкер эми эмне кылат? Эптеп тирүү калууга аракеттенет же Африкага кетүүгө туура келет.

Мурдагы кылмышкер Евгений Пригожин ресторатор (ресторан, кафе ж.б. тармагын башкаруучу), миллиардер жана жеке аскердик компаниянын негиздөөчүсүнө айланып, Кремлдин арачысы болуп турган жылдарында көптөгөн татаал милдеттерди аткарды: Африкадагы клептократ (талоончул) уруу башчылардан колдоодон тартып Украинанын Бахмут шаарын кыйратууга чейин катышты.

Орусиянын Куралдуу күчтөрүнө каршы оңунан чыкпай калып, чоң саясий кризиске алып келген козголоңдон кийин “Вагнер” ЖАК жетекчиси эми өзү эң оор абалга тушукту. Эптеп тирүү калабы? Же түрмөгө түшпөй кутулабы?

Вагнерчи аскерлер Москвага жакындап келгенден төрт күн өткөндө Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенконун ортомчулугу менен жарым-жартылай келишим түзүлдү. Пригожиндин турган жери азыр деле белгисиз.
27-июнда Лукашенко Пригожиндин Беларуста экендигин айтты. Бирок көз карандысыз булактардан муну тастыктаган маалымат бериле элек.

"Беларуста ал коопсуз жүрө албайт”

Орусиянын президенти Владимир Путин "чыккынчылыкты эч качан кечире албайм" деп расмий түрдө билдирди. Ал ушул көз карашын өзүнөн жүз бурду же улутка чыккынчылык кылды деп эсептеген адамдарга каршы көп жылдар бою, кээде өлүмгө да жеткирген жазалар аркылуу бекемдеп келген.

24-июнда эртең менен Пригожиндин жалданма аскерлери Ростов-на-Дону шаарында Орусиянын Түштүк аскердик округунун штаб-квартирасын басып алгандан кийин Путин өзүнүн мурдагы тарапкерин чыккынчы деп айыптап, эми жоопко тартыларын эскерткен.

“Адатта Путин чыккынчылардын оңой менен коё бербейт. Ошондуктан Пригожин эми соо калбайт деп ишенем”, – дейт 2000-жылдардын ортосунда Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинде Орусия боюнча деректир болуп иштеген Томас Грэм.

“Эгер мен Пригожин болсом, ар дайым элеңдеп турмакмын, – деди ал “Азаттыктын” кабарчысына. – Беларуста ал коопсуз жүрө албайт”.

Орусиянын Путин жетектеген атайын кызматтары чет өлкөлөрдөгү, анын ичинде Батыш өлкөлөрүндөгү да “чыккынчыларына” кол салып келген.
Мунун эң белгилүү эки мисалы – Лондондо Федералдык коопсуздук кызматынын мурдагы офицери Александр Литвиненконун жогорку радиоактивдүү изотоптон каза болгондугу жана Орусиянын аскер чалгындоо кызматынын мурдагы офицери, эки жакка тең тыңчылык кылып келген Сергей Скрипалдын Улуу Британияда совет доорунда жасалган шал кылуучу зат менен ууландырылганы.

Москванын өзүнүн шериктеши болгон Беларуска Орусиянын агенттери андан бетер оңой кире алат. Бирок Кремлдин же Пригожинди жактоочулар бар деп эсептелген Орусиянын атайын кызматтарынын ниети түшүнүксүз бойдон калууда.

Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) 27-июнда Пригожиндин “Вагнер” ЖАК мүчөлөрүнүн “куралдуу көтөрүлүшкө чыккан” деген кылмыш айыбын жокко чыгарганын айтты.

Айрым эксперттер Путиндин катаал сөздөрүн жана саткындарды дайыма айыптап келгенин эске алып, бул алсыздыктын белгиси окшойт деп ойлошот.
Бирок Путиндин шериктештери жана жактоочулары, тескерисинче, “Вагнер” козголоңун басуу аракети Орусия менен президентке оор болмок дешет. Бул өлкөнүн элдик колдоого негизделген туруктуулугу жана гүлдөп-өнүгүүсү Украинага кол салгандан бери начарлай баштаган.

Пригожин өзү 24-июнда кечинде Ростов-на-Донудан жол тандабаска түшүп жөнөгөндө, анын жактоочулары унаанын жанына сүрөткө түшкөн эле.

Евгений Пригожин май айынын башында жарыяланган видеодо Орусиянын аскерий жетекчилигине кайрылганда өлүктөрдүн жанында турган. Ал ошол сөөктөрдү Украинада ок-дарылардын жоктугунан каза болгон ЖАК согушкерлери деген эле.
Евгений Пригожин май айынын башында жарыяланган видеодо Орусиянын аскерий жетекчилигине кайрылганда өлүктөрдүн жанында турган. Ал ошол сөөктөрдү Украинада ок-дарылардын жоктугунан каза болгон ЖАК согушкерлери деген эле.

26-июнда ал өзүнүн Телеграм-каналына "Лукашенко кол сунуп, “Вагнер” ЖАКтын мындан ары мыйзамдуу нукка түшүүсү үчүн жол табууну сунуш кылганы” тууралуу аудио билдирүүсүн жарыялаган. Бирок өзүнүн каерде турганын айткан жок.

Эртеси Лукашенко Минск шаарындагы Беларус аскер күчтөрүнүн алдында сүйлөп жатып, Пригожин бул өлкөгө келгенин айтты. Ошол эле күнү Пригожин колдонгон жеке бизнес-джет Беларустун борбору Минскинин алдындагы аскердик авиабазага конду. “Азаттыктын” кабарчысы ал учакта “Вагнер” ЖАК башчысынын болгонун аныктай алган жок.

“[Пригожин] Беларуска кетип, “Вагнер” ЖАКты жетектөөдөн баш тартууну эч каалабайт. Эми эмне болорун билбейм”, – дейт Орусия боюнча эксперт жана Вашингтондогу Silverado Policy Accelerator аналитикалык борборунун төрагасы Дмитрий Алперович 26-июнда өзүнүн подкастында.

Африкага кантип жетет?

Беларуста Пригожиндин бар экендиги тастыкталса деле, ал ошол жерде калабы же андан ары, мисалы, өзүнүн компаниялары жана жалданма жумушчулары көп жылдар бою коммерциялык иш менен алектенип жүргөн Африка өлкөлөрүнүн бирине кетеби – бул суроо да абдан олуттуу.

Орусиялык саясий байкоочу жана мурдагы журналист Ольга Романова Пригожиндин коопсуз жашоо үчүн Беларуста каларына ишенбейт.

“Менин оюмча, ал өтө тымызын ошентет [Беларустан кетет] да, Африканын кайсы бир жеринен көрүнө калат. Албетте, аман калса. Пригожин көп жашайт деп такыр ойлобойм. Ушул жылдын аягына чейин ал соо калбайт”, – дейт Романова “Настоящее время” каналына.

Африкага анын кантип жетери да белгисиз. Америка Кошмо Штаттары “Африка өлкөлөрүнүн иштерине кийлигишип, алардын абалын оорлоткону, адам укуктарын текши бузгандыгы жана жаратылыш ресурстарын ээлеп алганы үчүн" жалданма компанияга, ошондой эле ага тиешеси бар бир катар компанияларга жана жеке адамдарга каршы санкция жарыялады.

2018-жылы Вашингтон Пригожинди 2016-жылы АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкен деп айыптаган.

Ошондуктан ал жеке учак менен болсо дагы Африкага учуп барышы кыйын.
Пригожин өтө тез көтөрүлгөн эле: ал Санкт-Петербургдагы хот-дог сатуучу болуп жүргөн, кийин Путиндин иш-чараларын тейлеген таасирдүү миллиардерге айланган, андан соң мамлекеттин уруксаты менен түзүлүп, Африка жана Жакынкы Чыгышта иштеген жалданма топту жетектеген.

Бизнесмен өткөн жылы адам ресурстарынын жоктугунан улам Орусиянын баскынчылыгы токтоп калганда, Украинага көңүл бурган. Ал Орусиянын түрмөлөрүндөгү “Вагнер” ЖАК катарына туткундарын алып, аларды Бахмуттагы чабуулга алып барды да, май айында шаардын көпчүлүк бөлүгүн басып алды. Бул орустар үчүн 10 айдагы биринчи чоң жеңиш болду.

Бахмуттагы пайдасынан зыяны көп (өзү айткандай, “Вагнер” ЖАКтын 20 миңге жакын согушкеринин өмүрүн алган) жеңишке шыктанган Пригожин Орусиянын аскерий жетекчилигин сынга алып, согушту туура эмес жүргүздү, “вагнерчилерди” ок-дары менен камсыз кылуудан баш тартты деп айыптады.

Путин 1-июлга чейин башка жалданма бөлүктөр сыяктуу эле, “Вагнер” ЖАК аскерлери Коргоо министрлигинин түздөн-түз көзөмөлүнө өткөрүлсүн деп буйруду. Көпчүлүк эксперттер бул козголоңду козуткан негизги себеп болгон деп эсептешет.

Пригожин Путиндин жарлыгын өзүнүн бизнес империясы үчүн “экзистенциалдуу коркунуч” катары баалады дейт 26-июнда өзүнүн подкастында Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун эксперти Катрина Докси.

“Вагнер” ЖАКтын өзүнүн келечеги бүдөмүк. Коргоо министрлиги ЖАК согушкерлери аскер техникаларын армияга өткөрүп берет деп билдирди.
Путин ошондой эле өткөн жылы “Вагнер” мамлекеттен 80 миллиард рубль (бир миллиард долларга жакын) каражат алган деп наалыган эле. Ошондуктан бийлик ЖАКтын каржылануусу боюнча тергөө ишин башташы ыктымал.
“Вагнердин” курамында согушкан айрымдар Коргоо министрлигинин кол алдында кызмат кылууга эч качан макул болбой тургандыгын билдиришти.

Беларус менен байланыш

Лукашенко "козголоңду чечүүгө кийлигиштим" деди, бирок эксперттер ал Путинди козголоңчу менен сүйлөшүү түйшүгүнөн бошотуу үчүн эле жардам берди го деп болжолдошот. Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Лукашенконун билдирүүсүн ырастап, Беларустун лидери менен Пригожин 20 жылдан бери тааныш болуп келгенин айтты.

2020-жылы Лукашенко тополоң чыгарууга аракет кылган деп айыптап 30дан ашык "вагнерчини" кармап, сыртка чыгарып салган эле. Бирок бул жолу аларды өз муктаждыктары үчүн пайдаланышы мүмкүн деп эсептешет эксперттер.

Беларустун лидери Александр Лукашенко 27-июнда Минск шаарында сүйлөп жатат. Ал Беларуска “Вагнердин” күтүлбөгөн жерден келип калышынан коркуунун кажети жок, анткени өкмөтү “кыраакылык менен көз салып турат” деди.
Беларустун лидери Александр Лукашенко 27-июнда Минск шаарында сүйлөп жатат. Ал Беларуска “Вагнердин” күтүлбөгөн жерден келип калышынан коркуунун кажети жок, анткени өкмөтү “кыраакылык менен көз салып турат” деди.

25 миң адамды камтыган “Вагнер” ЖАК орус армиясындагы эң тажрыйбалуу бөлүктөрдүн бири болуп эсептелет.

“Эгерде алардын командирлери келип, бизге жардам беришсе ... азыр эмне маанилүү экендигин айтып беришсе... Бул баа жеткис мүмкүнчүлүк”, – деди Лукашенко 27-июнда. Анын айтымында, Беларуста күтүлбөгөн жерден “Вагнердин” пайда болушунан коркуунун кажети жок, анткени анын өкмөтү “кыраакылык менен көз салып турат”.

Лукашенко бул келишимде “өз пайдасын көздөшү мүмкүн” деди Вашингтондун жанында жайгашкан Жорж Мейсон университетинин Орусия боюнча адиси Марк Кац.

“Пригожиндин Беларуста болушу – кысым жасоо мүмкүнчүлүгү. Лукашенко Путиндин тактекеси эмес”, – деди ал “Азаттыктын” кабарчысына.
Кац келишим бузулушу мүмкүн: ал шашылыш түзүлгөн, мындан тышкары Лукашенко, Путин жана Пригожин бири-бирине өтө эле шектүү карашат деп ойлойт. Анын айтымында, бир нече айдан кийин Пригожин өлтүрүлүшү мүмкүн.

“Бул кишилердин бири-бирине каршы чыгуу ыктымалдыгы өтө жогору, – деди Катц. – Бардык негизги күчтөрдүн ач көздүгү менен коркоктугу кошул-ташыл болот. Булардын эч кимиси калгандарына ишене албайт”.

Путиндин кадамы

Жалданмалардын башчысы Беларуста калууну чечсе, “вагнерчилер” Пригожинди ээрчип барабы же жокпу – белгисиз. Пригожин азыр согушкерлеринин болжол менен 2% гана Коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө даяр экендигин билдирди.

26-июнда мамлекеттик телеканалда сүйлөп жатып, Путин вагнерчилерди Пригожинден кетип, Украинада кадрдык көйгөйлөргө туш болгон Орусиянын куралдуу күчтөрүнө кошулууга үндөп, чечкиндүү кадам жасады.

Лукашенко режими өлкөнүн борборундагы Осиповичи шаарында “Вагнердин” 8000 согушкери үчүн лагерь курулушун баштагандыгы тууралуу маалыматтар бар.

“Пригожиндин согушкерлери менен Беларуска жайгашуусуна Путин уруксат берет деп элестетүү кыйын, – дейт Грэм. – Пригожин Беларуста деле Чыгыш Украинадагыдай кылбайбы?”

Грэмдин айтымында, Лукашенко “аны коргой албайт”.

Макала “Настоящее время” каналынын, ЭЕР/АР (Эркин Европа радиосу/”Азаттык” радиосунун) Беларустагы редакциясы берген материалдардын негизинде жазылды. Автору Тодд ПРИНС.

XS
SM
MD
LG