Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, АКШда жол кырсыгында каза тапкан кыргыз жаранынын сөөгү шейшемби күнү, 4-июлда туугандарынын коштоосунда мекенине жиберилет.
Кыргызстандын Америкадагы элчилиги жана Чикагодогу Башкы консулдугу азыр маселени чечип жатканы кабарланды.
АКШда жүк ташуучу автоунаа (трак) айдаган 42 жаштагы жаран 1-июлда жол кырсыгына кабылып каза болгон.
Америкадагы кыргыздар ал Филадельфияда жүк ташуучу машине менен кагылышканын билдиришкен.
Сөөктү Кыргызстанга жеткирүү үчүн ал жактагы кыргызстандыктар каражат чогултуп жатканы маалымдалган.
Кийинчерээк ТИМ маселе көзөмөлдө деген кабар тараткан.
Дагы караңыз
Адвокат активист Токтонасыровду күч менен кармап кеткен милиционерлерге каршы арызданат Украина казакстандык эки компанияга санкция салды Активисттин иши: Фейсбуктагы постко байланган сурак "Президент мурдагы бийликтин кемчиликтеринен сабак алышы керек"