Токтонасыров "Фейсбуктагы посту аркылуу улут аралык кастыкты козуткан" деп айыпталууда

Өндүрүш Токтонасыров "Азаттыкты" колдогон акцияда.

Ички иштер министрлиги жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровго "Фейсбукта жазган посту аркылуу улут аралык кастыкты козуткан" деген негизде кылмыш ишин козгогону белгилүү болду. Активист 30-июнда түнкү саат 11ге чейин ИИМдин Тергөө кызматына сурак берип чыкты. Ал 1-июлда да суракка чакырылган.

Ал өзү сурактан чыккандан кийин "Азаттыкка" милиция социалдык тармактагы билдирүүсүнө байланыштуу алып кеткенин айтып берди:

"Башкы тергөө кызматына алып барып, саат 23кө чейин суракка алышты. "Расалык, улуттар жана аймак аралык кастыкты козуткан пост жазгансың", - деп айтышты. Тергөөчү капитан Алмаз Эркинбеков эртең саат 11ге кайра суракка келүүгө чакыруу берип коё берди," - деген Токтонасыров анын телефонун тергөөчүнүн токтомунун негизинде "мүмкүн болгон далилдерди табуу" максатында алып коюшканын кошумчалап, документтин сүрөтүн жиберди.

Ал токтомго ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсү А.Эркинбековдун колу коюлган жана 30-июнда чыккан. Анда "тергөөчү Кылмыш кодексининин 330-беренесинин экинчи бөлүмүнүн үчүнчү пунктуна ылайык козголгон кылмыш ишинин материалдарын карап көрүп, интернетти мониторинг кылууда Өндүрүш Токтонасыров Фейсбуктагы өз акаунту аркылуу расалык, улут аралык кастыкты козутууга, улуттук баалуулуктарды кемсинтүүгө багытталган билдирүүлөрдү таратып жатканы" белгиленген.

30-июнда бул факты боюнча 330-берененин негизинде кылмыш иши козголуп, иликтөө башталды деп жазылган. Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында активисттин телефону алынганы көрсөтүлгөн.

Ички иштер министрлиги Токтонасыровдун суракка чакырылышы тууралуу комментарий бере элек. Тергөөчү Эркинбековдун өзү менен байланышууга мүмкүн боло элек.

Дагы караңыз

Активисттин иши: Фейсбуктагы постко байланган сурак Музыкалык сабат – көркөм мурасты бапестеп сактоо жолуЖурналисттер Украинадагы согушта өлгөн 27 миңдей орус аскеринин тек-жайын тактады