Өзбекстанда 9-июлга белгиленген президенттик шайлоодо мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталды.
Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлагандай, 28-июнда башталган добуш берүүлөр 5-июлда жыйынтыкталат. Ага шайлоо күнү өзү катталган жерде болуу мүмкүнчүлүгү жок жарандар катышууда.
8-майда азыркы президент Шавкат Мирзиёев мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койгон.
30-апрелде референдум өтүп, Конституцияны өзгөртүүнү добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 90,21% колдогон.
Президенттикке Элдик-демократиялык партиядан Улугбек Иноятов, “Адолат” социал-демократиялык партиясынан Робахон Махмудова, Экологиялык партиядан – Абдушукур Хамзаев жана Либерал-демократиялык партиядан – Шавкат Мирзиёев ат салышат.
Жаңы Баш мыйзамга ылайык, президенттик мөөнөт эми беш жылдан жети жылга узартылат.
Дагы караңыз
Мадонна ооруканага түшүп, дүйнөлүк турнесин кийинкиге жылдырдыСурамжылоо: орусиялыктардын 35% Украинадагы согушка каршыФранциядагы тополоңдо 150 киши кармалдыБашкы прокуратурадан тергөө укугу алындыУкраинанын Чугуев калаасына сокку урулду