Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:40

Франциядагы тополоңдо 150 киши кармалды


Франциядагы башаламандыкта тартылган сүрөт.
Франциядагы башаламандыкта тартылган сүрөт.

Францияда 17 жаштагы өспүрүм полициянын колунан каза тапкандан кийин тоз-тополоң күчөдү. Бейшембиге караган түнү Парижде жана башка шаарларда адамдар нааразылыкка чыгышты. Франциянын ички иштер министри Жеральд Дарманен кеминде 150 киши кармалганын билдирди.

Башаламандык учурунда топтошкон кишилер Френ шаарындагы чоң түрмөнүн кире беришине фейерверк атышты. Le Monde басылмасы алар түрмөгө кире албаганын жазды.

Жарандар Тулуза жана Лион өңдүү шаарларда да полиция менен кагылышты.

Каргаша 27-июнда Париждин четиндеги Нантер калаасында болгон. Полициянын маалыматына караганда, автоунаа айдап бараткан Наэл аттуу улан тартип сакчыларынын талабына баш ийбей койгондуктан, атып өлтүрүлгөн. Жергиликтүү маалымат каражаттары аны аткан 38 жаштагы полиция кызматкери камакка алынганын кабарлашты.

Президент Эммануэль Макрон кейип турганын айтып, зордук-зомбулукту токтотууга жана “адилеттик жеңип чыгышы үчүн” элди сабырдуулукка чакырды. Ал ошондой эле окуяны тез арада иликтөөнү талап кылды.

XS
SM
MD
LG