29-июнга караган түнү орус армиясы Украинанын Чугуев калаасына ракетадан чабуул жасады. Харьков облусунун аскердик админстрациясынын башчысы Олег Синегубов турак-жайлар жана автоунаалар зыян тартканын, киши өмүрү кыйылбаганын Телеграмга жазды.
Дээрлик күн сайын чабуулга кабылып жаткан Харьков облусунда шаршембидеги соккулар үч кишинин өмүрүн кыйган.
Донецк облусундагы Краматорск калаасында 27-июндагы ракета соккусунан кийинки издөө-куткаруу иштери бейшембиде аяктады. Бийлик бул калаада орус армиясынын чабуулунан 12 киши каза тапканын, үчөө балдар экенин маалымдады.
Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков бул жолку кол салууга Орусия бир гана "аскердик түзүмдөргө тиешеси бар объектилерге" сокку урат деп комментарий берди.
Ынанымдуу далилдерге карабай, Москва Украинадагы карапайым калкты атканын моюнуна албай келет.
Дагы караңыз
Казакстанда АКШнын өтүнүчү менен "Хакер" журналынын мурдагы башкы редактору кармалдыПрокурор каза болсо төлөнүүчү кенемте 20 эсе кыскардыКраматорск калаасына урулган соккудан өлгөндөр 12ге жетти"Ишеним" депутаттары Кыргызстан–АКШ кызматташтыгын талкуулашты