Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:31

Прокурор каза болсо төлөнүүчү кенемте 20 эсе кыскарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кызмат учурунда жол кырсыгынан каза болгон прокурордун үй-бүлөсүнө бюджеттен миллиондогон сомдук кенемте төлөнгөн окуядан кийин мындан ары анын суммасы кыйла кыскартылмай болду. Бүгүн 29-июнда Жогорку Кеңеш тийиштүү мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда карап, колдоп берди, эми ал президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

“Прокуратура жөнүндө” мыйзамын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун Каржы министрлиги президенттин сунушунан кийин иштеп чыгып, парламенттин кароосуна киргизген.

Ага ылайык, прокуратура кызматкери иш милдетин аткарып жаткан учурда каза тапса анын үй-бүлөсүнө жыйырма орточо айлык маяна өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет.

Жыйырма орточо айлык маяна, Каржы министрлиги билдиргендей, 1,5 миллион сомго барабар.

Ушундай эле сумма сот жана күч органдары үчүн да каралып, тийиштүү мыйзам долбоору даярдалып жатканы буга чейин аталган маселе комитеттерде талкууланганда айтылган.

Быйыл 15-майда Жогорку Кеңештин профилдик комитетиндеги талкуу учурунда Чаткал районунун курман болгон прокурорунун үй-бүлөсүнө 21,7 миллион сом төлөнө тургандыгы белгилүү болгон. Башкы прокуратура 20 жылдык орточо эмгек акынын өлчөмүндө бир жолку төлөм төлөнө тургандыгы мыйзамда жазылганын, аны аткарбай коюу мүмкүн эмес экенин билдирген.

Окуя коомчулук арасында талкуу жаратып, президент Садыр Жапаров бул маселени талдап чыгууну тапшырган.

Каржы министрлиги “Өлкөнүн учурдагы экономикалык абалынын шартында төлөмдүн өлчөмү бюджетке оорчулук келтириши мүмкүн” деген бүтүмгө келген. (RK)

XS
SM
MD
LG