"Ишеним" депутаттары Кыргызстан–АКШ кызматташтыгын талкуулашты

"Ишенимдин" депутаттары АКШ элчиси Лесли Вигери менен.

Кыргызстан–АКШ кызматташтыгы бүгүн 29-июнда Жогорку Кеңеште “Ишеним” фракциясынын депутаттарынын америкалык элчи Лесли Вигери менен жолугушуусунда талкууланды.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, фракция лидери Улукбек Ормонов Лесли Вигерини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады. Муну менен катар парламент аралык байланышты чыңдоо зарылчылыгына токтолду. Анын ичинен тажрыйба алмашуу жана биргелешип иштө маселелерин көтөрдү.

“Өз кезегинде элчи Лесли Вигери дипломатиялык ишмердүүлүгү алкагында эки өлкөнүн алакасын арттырууга басым жасарын айтып, анын ичинен экономика, айлана-чөйрөнү коргоо жана билим берүү жаатында тийиштүү иштерди жүргүзөрүн кошумчалады”, - деп билдирди парламенттин басма сөз кызматы.

Вигеринин Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясы быйыл январда башталган.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Жаңы келишимди даярдоо процесси уланууда. (RK)

Дагы караңыз

Түмөнбаев "Азаттыктын" жабылышын колдобой турганын билдирдиШиршов менен чогуу айыпталгандардын бирине сот өкүмү чыктыАламүдүн районунда жол кырсыгынан үч өспүрүм набыт болду"Нукуста элди аткандар жазасыз калышты"