Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:52

Ширшов менен чогуу айыпталгандардын бирине сот өкүмү чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдөгү "Аврора плюс" эс алуу жайындагы ондогон кымбат батирлерди мамлекеттин карамагынан мыйзамсыз чыгарып кетүүгө шек саналгандардын бири Вадим Чикунаевге өкүм чыкты. Биринчи май райондук сотунда ага карата өкүм 4-июнда чыкканын "Азаттыкка" мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Соттун маалыматына караганда, Вадим Чикунаев Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") боюнча күнөөлүү деп табылды, бирок иштин мөөнөтү өтүп кеткендиктен камакка алынган жок.

Сот өкүмүнө ылайык, Чикунаевге Ысык-Көлдө катталган үч коттеж, эс алуу жайларындагы 29 батир, Бишкек шаарындагы 2 батир, Чүй облусундагы жер тилкеси жана Mercedes-Benz GL 350 үлгүсүндөгү машина мамлекетке чегерилди.

Вадим Чикунаев жактоочусу Виталий Остриков райондук соттун бул чечимине каршы Бишкек шаардык сотунда арызданарын билдирди. Остриков сот чечимине макул эместигин айтты.

Өткөн жылдын февраль айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Аврора плюс" пансионатындагы кымбат баалуу 56 батирдин жана 27 коттеждин жеке менчикке өтүп кеткени боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында бир катар жооптуу кызмат адамдары, судьялар кармалганы кабарланган.

УКМК бул кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнүн мүлкүн мамлекетке кайтаруу чаралары көрүлүп жатканын маалымдаган.

Бул иш боюнча “Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов да кармалып, камакка алынган. Былтыр 10-майда Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарганы коомчулуктун нааразылыгын жараткан.

Андан бери бул иш боюнча канча кишиге өкүм чыгып, тергөө кандай жүрүп жатканы жөнүндө маалымат жок.

XS
SM
MD
LG