Краматорск калаасына урулган соккудан өлгөндөр 12ге жетти

Издөө-куткаруу иштери маалында тартылган сүрөт.

Украинанын Краматорск калаасына Орусиянын армиясы урган соккудан каза болгондор 12ге жетти, арасында үч бала бар. 29-июнь күнү эртең менен дагы бир кишинин сөөгү урандылардын алдынан табылды. Набыт болгондордун баарынын тек-жайы такталды. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы издөө-куткаруу иштери аяктаганын билдирди.

27-июнь күнү кечинде орус аскерлери Краматорскт шаарын ракета менен аткылашкан. Украин президентинин кеңсесинин жетекчиси Андрей Ермактын айтымында, эки сокку урулган. Бири шаардын борборун, экинчиси калаадан сегиз чакырым алыстагы Беленькое айылын бутага алган.

Краматорск - Донецк облусундагы ири шаар. Ал жакта украин армиясынын аймактык штабы жайгашкан. Былтыр апрелде калаадагы темир жол вокзалына жасалган орус армиясынын аба чабуулунан 63 карапайым тургун мерт болгон.

Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков бул жолку кол салууга Орусия бир гана "аскердик түзүмдөргө тиешеси бар объектилерге" сокку урат деп комментарий берди.

Ынанымдуу далилдерге карабай, Москва Украинадагы карапайым калкты атканын моюнуна албай келет.

Дагы караңыз

Түмөнбаев "Азаттыктын" жабылышын колдобой турганын билдирдиШиршов менен чогуу айыпталгандардын бирине сот өкүмү чыктыАламүдүн районунда жол кырсыгынан үч өспүрүм набыт болду