Түштүк кореялыктар расмий түрдө бир жылга жашарды

Түштүк кореялык "Блекпинк" тобунун мүчөлөрү MTV Video Music Awards музыкалык сыйлыктарды тапшыруу аземинде. Нью-Жерси. 28-август, 2022-жыл.

Түштүк Кореянын жарандары расмий түрдө бир жылга жашарды.

28-июнда өлкө адам жашын эсептөө боюнча эл аралык стандартка өттү. Тактап айтканда, буга чейин түштүк кореялыктар төрөлгөндө эле бир жаш деп эсептелчү. Ал эми жыл жаңырганда бала дароо экиге чыкчу. Мисалы, 31-декабрда төрөлгөн бала 1-январда эки жашка чыгып калар эле. Буга байланыштуу өлкөдө социалдык башаламандык көп катталып келген.

Эми административдик жана жарандык кодекстерге киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, түштүк кореялыктардын жашы дүйнөнүн башка мамлекеттериндегидей эле эсептелет.

Былтыр жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, өлкө жарандарынын 86% күнүмдүк турмушта да жаңы системага өтүүгө даяр экенин билдиришкен.

Түштүк Кореяда жаш курак эмнеден улам мындай саналып калышынын себеби так белгисиз. Адам жашын эсептөөнүн өзгөчө түрлөрү Кытайда, Жапонияда жана Вьетнамда дагы колдонулат.

Дагы караңыз

Казакстандын соода министри Орусияга кош багыттагы товарлар жеткирилип жатканын ырастадыМайлуу-Суу сотунун имаратын оңдоодо 4 миллион сом уурдалганы аныкталдыКраматорскидеги ракеталык соккудан тогуз адам набыт болду