Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:05

Краматорскидеги ракеталык соккудан тогуз адам набыт болду


Краматорскиге урулган ракеталык соккунун кесепети. 2023-жылдын 27-июну.
Краматорскиге урулган ракеталык соккунун кесепети. 2023-жылдын 27-июну.

Украинанын президентинин аппарат башчысы Андрей Ермак Орусиянын армиясы Донецк облусунун Краматорск шаарына ракеталык сокку урганын билдирди.

Акыркы сааттарда тогуз адам каза болгону, алардын үчөө бала экени, 60 адам жараат алганы белгилүү болду.

Украинанын Ички иштер министрлигинин соңку маалыматында 27-июнда саат 19:30да Краматорскинин борборуна урулган эки ракеталык соккудан кийин сегиз адам каза болду. Алардын арасында үч бала 60 жай тургун жараат алды.

Орусиялык күчтөр Краматорскини аткылаган учурда Колумбиянын үч жараны жараат алган. Алар: Латын Америкасында Украинаны колдоо үчүн түзүлгөн уюмдун негиздөөчүсү, колумбиялык депутат Серхио Харамильо, жазуучу Эктор Абад жана журналист Каталина Гомес экенин Би-Би-Синин орус кызматы кабарлады. Аларды коштоп жүргөн украиналык жазуучу Виктория Амелинанын абалы оор.

Маалыматтарда ракета "Краматорск" мейманканасына жакын соода үйүнө түшкөн. Мейманканада ресторан жайгашкан. Жарылуудан жакын арадагы үйлөр, соода жайлары, почта бөлүмү жана автоунаа жабыркаган.

"Украин чындыгы" басылмасынын булактары орусиялык аскерлер шаарды С-300 комплекси менен атканын билдирген.

Ракетадан үйлөр, соода борборлору, почта бөлүмү, автоунаалар жабыркады.

Краматорск шаарында издөө жана куткаруу иштери жүрүүдө. Урандылар арасынан жайкын тургундар жана балдар изделүүдө.

Краматорск шаары согуш башталагандан бери орусиялык күчтөрдүн чабуулуна бир канча жолу кабылган. 2022-жылы апрель айында шаардын темир жол вокзалына урулган орусиялык аба күчтөрдүн соккусунан 39 адам, арасында төрт бала мерт болгон. Жүздөй адам жараат алган.

Украин бийлиги анда орус тарап "Точка-У" ракетасын колдонгонун билдирген. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын чыгышына урулган бул соккуну моюнуна алган эмес.

XS
SM
MD
LG