Журналистти ким коргойт?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ошто соттук-медициналык экспертиза иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков "жараат алган эмес" деген бүтүм чыгарды. Милиция экспертизанын жыйынтыгына жараша жакынкы күндөрү журналистке кол көтөргөн жарандын кылганына укуктук баа берилерин билдирди. 12-июнда “Исаков Жетекчилерге жем болгон пансионат” деген программасынын уландысын тартып жүргөн учурда Ош пансионаты мекемесинин мурдагы директору Маматкарим Койчукулов журналистти жаакка чапкан. Коомчулук журналистке ыдык көрсөткөн окуяны кескин сындаган.