Беларустун авторитардык башчысы Александр Лукашенко "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин Беларуста экенин 27-июнда билдирди. Бул тууралуу мамлекеттик БелТА агенттиги жазды.
"Путин убада кылгандай, коопсуздук кепилдиктери берилди. Ооба, чын эле ал бүгүн Беларуста. Мен убада бергендей, кайсы бир убакыт бизде болуп турууну кааласаңыз, жардам беребиз, - деген Лукашенко.
27-июнда Евгений Пригожин колдонгон Embraer 600 учагы (бизнес-жет) Минскинин жанындагы аскердик авиабазага конгону маалым болгон. Бирок анда Пригожиндин өзү Беларуска барган-барбаганы белгисиз эле.
24-июнга караган түнү "вагнерчилер" Украинадагы базаларынан чыгып, Ростов-на-Дону шаарын эч кандай каршылыксыз басып алышкан. Москвага 200 чакырым калганда Пригожин "кан төгүүнүн алдын алуу үчүн" артка кайтышарын күтүүсүздөн жарыялаган.
Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко менен сүйлөшкөндөн кийин ишембиде "куралдуу көтөрүлүштү" токтотуп, артка кайткан Евгений Пригожин өзү дагы Беларуска кетери маалымдалган.
Беларуста атайын "вагнерчилер" үчүн лагерь да курулуп жатканы белгилүү болду.
Орусиянын президенти Владимир Путин 27-июндагы билдирүүсүндө "Вагнер" менчик аскердик компаниясы толугу менен мамлекеттен каржыланып келгенин моюнга алды.
Дагы караңыз
Прокуратураны тергөө укугунан ажыратуу сунушу дагы бир комитеттен колдоо таптыШектүүнү атайын билерик тагып көзөмөлдөө сунушталуудаОоганстан: эки жылда теракттардан миңден ашуун тургундун өмүрү кыйылды