Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:29

Ооганстан: эки жылда теракттардан миңден ашуун тургундун өмүрү кыйылды


Бадахшан провинциясындагы мечиттердин биринде болгон жардырууда мерт болгондордун сөөгүн Тез жардам машинесине салып жаткан адамдар. 8-июнь, 2023-жыл.
Бадахшан провинциясындагы мечиттердин биринде болгон жардырууда мерт болгондордун сөөгүн Тез жардам машинесине салып жаткан адамдар. 8-июнь, 2023-жыл.

Ооганстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) миссиясынын 27-июнда жарык көргөн баяндамасына ылайык, чет элдик күчтөр толугу менен чыгып, бийликке талибдер келген эки жыл ичинде жардыруулардан жана башка зордук-зомбулуктан миңден ашуун жайкын тургундун өмүрү кыйылган.

2021-жылдын август айында "Талибан" бийликти басып алгандан тарта быйылкы майга чейин 1095 карапайым тургун өлтүрүлгөн, 3 миңге чукулу жараат алган. Мерт болгондордун көбүнүн өлүмүнө колго жасалган бомбалардын мечит, базар сыяктуу коомдук жайларда жардырылышы себеп болгон. Алардын көбүн жанкечтилер ишке ашырган.

Талибдер башында турган ооган өкмөтү БУУнун баяндамасына кайтарган жообунда Ооганстанда ондогон жылдардан бери коопсуздук маселелери болуп келгенин, кыймыл бийликке келгени кырдаал жакшырганы белгиленген.

"Ислам Эмиратынын коопсуздук күчтөрү жарандардын коопсуздугун камсыздап, террорчулардын уюктарын табуу үчүн убагында чараларды көрүүгө милдеттүү", - деп жазылган талибдердин билдирүүсүндө.

Эл аралык уюмдун баяндамасында «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчилик алган жардыруулардан 1700дөй киши жабыркаган. Бул сандын ичинде өлгөндөр жана жараат алгандар камтылган.

АКШ баштаган эл аралык коалициялык күчтөр Ооганстандан аскерлерин 2021-жылдын август айынын соңунда толук чыгарып кеткен.

XS
SM
MD
LG