Путин: "Вагнерге" мамлекет бир жылда 86 миллиард рубль бөлгөн

Орусиянын президенти Владимир Путин Кремлде аскер кызматкерлери менен жолугуп жаткан маалда тартылган. 27-июнь, 2023-жыл.

"Вагнер" менчик аскердик компаниясы толугу менен мамлекеттен каржыланып келгенин Орусиянын президенти Владимир Путин аскер кызматкерлери менен 27-июнда Кремлде жолугушкан маалда айтты.

Анын билдирүүсүндө, 2022-жылдын май айынан 2023-жылдын май айына чейин менчик компания бюжеттен 86 миллиард рубль алган.

Андан тышкары аскерлерди тамак менен камсыздаганы үчүн Евгений Пригожиндин "Конкорд" компаниясы Военторг аркылуу 80 миллиард рубль тапкан.

Орус бийлиги бир нече ирет "Вагнердин" мамлекетке тиешеси жок экенин, аскердик мекемелердин балансында катталбаганын билдирип келген. Компаниянын негиздөөчүсү Пригожин өзү дагы "Вагнерге" тиешеси бар экенин четке кагып жүрүп, былтыр сентябрда моюнга алган.

Январь айында жасаган билдирүүсүндө Пригожин компанияны өзү каржылап келгенин, Украинада согуш башталганы анын жалданма аскерлери мамлекеттен бир тыйын ала электигин айткан.

24-июнга караган түнү "Вагнер" менчик компаниясы Украинадагы базаларынан чыгып, каршылыксыз, оңой эле Орусиянын эң ири шаарларынын бири Ростов-на-Дону калаасын жана орус армиясынын штабдарынын бирин басып алышты. Көп өтпөй бир миллиондой калкы бар Воронеж шаарындагы орус армиясынын аскерлерин курчап алышты.

"Куралдуу козголоң" Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко Пригожин менен телефон аркылүү сүйлөшкөндөн кийин күтүүсүз аяктап, "Вагнердин" башчысы Беларуска барары кабарланган.

26-июндун кечиндеги кайрылуусунда Путин "вагнерчилерге" орус армиясы менен келишим түзүп, туугандарына кайтып келүүнү же Беларуска кетүүнү тандоону сунуштаган.

27-майда Евгений Пригожин колдонгон Embraer 600 учагы (бизнес-жет) Минскинин жанындагы аскердик авиабазага конду. Бул тууралуу Беларустагы авиацияга байкоо салган "Беларуски гаюн" тобу билдирди. Пригожиндин Беларуска барган-барбаганы азырынча белгисиз.

Дагы караңыз

Ооганстан: эки жылда теракттардан миңден ашуун тургундун өмүрү кыйылдыЛукашенко армиясын күжүрмөн даярдыкка келтиргенин билдирдиОрусияда Пригожинге козголгон кылмыш иши жабылды